КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы
2017-жылдын 6-февралы № 10
Кетмен-Дөбө айыл аймагындагы АРИСтин “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2” долбоорунун каржылоосунда атайын техника сатып алууга багытталган долбоордук сунуштары боюнча
Кетмен-Дөбө айыл аймагындагы АРИСтин “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2” долбоорунун алкагында Кетмен-Дөбө айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Өмурбаев Улан Акышовичтин жана айыл өкмөт башчысы Чороев Илиязбек Каланбаевичтин “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2” долбоорунун каржылоосунда атайын техника сатып алууга багытталган долбоордук сунуштары боюнча маалыматтарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына таянып Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин кезектеги I V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кетмен-Дөбө айыл аймагындагы АРИСтин “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2” долбоорунун алкагында атайын техника сатып алууга багытталган долбоордук сунушу бекитилсин.
2. Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 1000 000 сом жана Жайыт пайдалануучуулар бирикмесинин 2017-жылкы бюджетинен 300 000 сом акча каражаты бөлунуп берилсин.
3. Долбоорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча иш чараларды аткаруу жана жайыт комитетинин өздук 300 000 сом акча каражатын топтоо жагы Кетмен-Дөбө айыл аймагынын жайыт комитетинин тобуна жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун 2-пунктунун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кетмен-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Карымшакова Гүлмира Казаковнага жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин пландоо, бюджет жана экономика ,чакан жана орто бизнести өнүктүрүү жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
6. Бул токтом www.ketmen-dobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | О. Көксариев |