Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 2-марты № 12
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө жана 2017-жылдын жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын бюджетинин киреше, чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жана 2017-жылдын бюджетинин сметасынын бекитилүүсү жөнүндө финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы Карымшакованын маалыматын угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын жергиликтүү бюджети жана анын аткарылышы жөнүндөгү отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы жергиликтүү бюджетинин (атайын каражатты кошкондо) киреше жана чыгаша бөлүгү 2656,5 мин сом болуп бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджетинен чегерилүүчү теңдөөчү грант 8775,5 мин сом болуп бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышы Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Карымшакова Гүлмира Казаковнага милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин бюджет комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Бул токтом www.ketmen-dobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | О. Көксариев |