Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 2-марты № 14
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” долбооруна ылайык Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 50 беренесине жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 337 беренесине өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 7 февраль 2017 жылдагы 5-825 и /17 номерлүү каты боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал- Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2017 жылдын 14 февралындагы № 02/1-04/376 катына ылайык Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын 17 февраль 2017 жылдагы №250 жолдогон каты боюнча “ Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” долбооруна ылайык Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 50 беренесине жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 337 беренесине өзгөртүү киргизүү тууралуу угуп жана талкуулап Кетмен – Дөбө айылдык кенешинин кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 7-февраль 2017-жылдагы 5-825 и/17 номерлүү каты жетекчиликке алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 50 беренесинин 1 пункту боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу сунуштары жактырылсын жана колдоого алынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 50 беренеси тууралууэл арасында түшундүрүү иштерин жүргүзүү айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлери боюнча адисине жана айыл башчыларга милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин айыл чарба иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Чороев Бакытбек Каланбаевичке тапшырылсын.
5. Бул токтом www.ketmen-dobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | О. Көксариев |