ТоктомКүчүндө

Корул айылдык кеңешинин 2017-жылдын 9-январындагы № 1/4 «Корул айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоого эсептөө комиссиясын бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция09.01.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Корул айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 1- уюштуруу заседаниеси

 

2017-жылдын 9-январы № 1/4

Корул айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоого эсептөө комиссиясын бекитүү жөнүндө

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-бөлүгүнүн 29-беренесинин 2-пунктуна таянып, Корул айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоого эсептөө комиссиясын бекитүү жөнүндө Корул айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эсептөө комиссиясынын төрагасы болуп, депутат Абдазов Уланбек бекитилсин.

2. Эсептөө комиссиясынын катчысы болуп, депутат Ысаков Алайбек бекитилсин.

3. Эсептөө комиссиясынын мүчөлүгүнө депутат Үсөнбеков Дүйшөн бекитилсин.

4. Бул токтмоду бекитип берүү жагы Корул айылдык Кеңештин сессиясына сунушталсын.

 

Төрага

Т. Маназаров