Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-январы № 2/3
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте айыл жерлериндеги балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө ар ай сайын берилүүчү жөлөк пулга үй-бүлөөнүн муктаждык даражасын аныктап, комиссиянын курамын түзүү боюнча
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-бөлүгүнүн 20-беренесинин 17-пунктуна таянып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте айыл жерлериндеги балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө ар ай сайын берилүүчү жөлөк пулга үй-бүлөөнүн муктаждык даражасын аныктап, комиссиянын курамын түзүү боюнча Корул айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүндөгү аз камсыз үй-бүлөөлөрдү тактоо, жөлөк пул чегерүү, жардам жана жеңилдиктерди берүүдө көзөмөл жүргүзүү үчүн төмөндөгү комиссиянын курамы түзүлсүн.
1. Токтошов Кабыл Буйлашбекович
2. Жакыпов Айдарбек Мыйманбаевич
3. Арзиев Максатбек Апишович
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, социалдык маселелер, билим берүү, маданий массалык иштер жана саламаттыкты сактоо, спорттун баардык түрү, туризм жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Маназаров |