Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25-апрели № XIX/5-13
Кара-Таш айылдык округунун аймагында жашаган атуулдарга үй-салуу үчүн, кайрак жерден жер бөлүп берүү жөнүндө
Депутаттардын Кара-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Таш айылдык округунун аймагында жашаган жарандарга үй салуу үчүн кайрак жерлерди, айылдык округдун балансасынан чыгаруу үчүн, иш-кагаздарын даярдоо, айылдык округдун жер адисине (А.Аманбаев) жана Нойгут айылынын айыл башчысына (Ш.Нурматов) тапшырылсын.
2.Айылдык округдун аймагындагы үй-салуу үчүн 40 га кайрак жерди балансадан чыгаруу Ноокат райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасына сунушталсын.
3.Токтомду бекитип берүү жагы депутаттардын Ноокат райондук кеңешинен суралсын.
Кара-Таш айылдык кеңешинин төрайымы |
Н.Тажибаева |