Редакцияот 03.07.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин VII чакырылыштагы кезектеги 2-сессиясы

 

2017-жылдын 3-июлу № 2/5

Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010 жылдын 25 мартындагы № 184 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндө» типтүү жобонун талаптарына ылайык, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин сессияларынын кабыл алынган токтомдорун расмий сайтында жарыялап, Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин реестрине киргизүү үчүн Жалал-Абад облустук юстиция башкармалыгына өз убагында жөнөтүүнү камсыз кылуу максатында, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII чакырылыштагы II-cессиясы)

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин (VII чакырылыштагы) сессияларында кабыл алынуучу токтомдор мамлекеттик тилде кабыл алынсын.

2. Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин токтомдору Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин расмий сайтына :www :kok-zhanak.my1.ru жарыялынсын.

3. Бул токтомдун аткарылышы жагын өзүмө калтырам.

 

Төрага

Б. Маткаримов