Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25-марты №18/3
Ленин айылдык округунун 2010-жылдын бюджеттинин аткарылышы жана 2011-2012-2013-жылдын бюджетин кабыл алуу жөнүндө
Ленин айылдык округунун 2010-жылдын бюджеттинин аткарылышы жана 2011-2012-2013-жылдын бюджети боюнча айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Боронбаев Курманбектин билдирүүсүн жана Ленин айылдык округунун башчысы А.Салиевдин докладын угуп жана талкуулап Ленин айылдык округунун заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ленин айылдык округунун бюджетинин 2010-жылга кирешелер боюнча бекитилген план 11459,3 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2.Ленин айылдык округунун бюджети 2011-жылга киреше жана чыгаша бөлүктөрү №1,таблица №3 то көрсөтүлгөн суммада 11678,1 миң сомго бекитилсин.
3.Ленин айылдык округу боюнча атайын каражаттын киреше жана чыгаша бөлүгү таблица №1 ге ылайык бекитилсин.
4.Ленин айылдык округунун бюджетинин 2012-2013-жылдарга киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн божомол планы таблица №2 ге көрсөтүлгөн суммада бекитилип,жетишпеген акча каражатына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү менен кабыл алынсын.
5.Айыл округуна толуктоочу гранттан 136,2 миң сом, максатуу гранттан 638,1 миң сом жетишпестиги белгиленсин.(таблица №4,таблица №5 тиркелет)
6.Жергиликтүү жана республикалык бюджеттен берилүүчү акча каражатты чыгымдоону жыл ичинде зо максатында сарамжалдуу пайдалануу бардык мектептин,балдар бакчасынын,маданий мекемелердин жетекчилеринен талап кылынсын жана көзөмөлдөө жагы ФЕБ башчы Б.Матановко тапшырылсын.
7.Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо жагы айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айылдык округунун башчысы А.Салиевке тапшырылсын.
Ленин айылдык Кеңешинин төрагасы |
Н.Матанов |