Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25-марты №18/3а
Ленин айылдык округунун Кеңешинин 2011-жылдын атайын каражат боюнча бюджетин кабыл алуу жөнүндө
2011-жылы Ленин айылдык округуна караган балдар бакчаларына ата-энелердин мүчөлүк акыларынан түшкөн акча каражатынын киреше бөлүгүн эске алып айылдык Кеңештин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ленин айылдык округу боюнча атайын каражаттын киреше жана чыгаша бөлүгүнүн сметасы 135,5 миң сомго бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2.Жыл ичинде ата-энелердин мүчөлүк акысынын жана көмөкчү чарбасынын сметада каралган суммадан ашыкча киреше түшсө,кошумча смета түзүп,чыгаша бөлүгүн иштетүүгө уруксат берүү жагы Алай райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын бюджет боюнча туруктуу комиссияга жана айыл округунун башчысына тапшырылсын.
Ленин айылдык округунун Кеңешинин төрагасы |
Н.Матанов |