Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25-марты №18/9
Алай районуна караштуу Бүлөлү дарыясынан Кең-Элек айылына суугат суусун чыгаруу жөнүндө
Күн-Элек айылынын элдик жыйынын 2011-жылдын № 4 токтомун карап чыгып Ленин айылдык округунун Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Күн-Элек айылынын элдик жыйынын 2011-жылдын № 4 токтомунун негизинде Бүлөлү дарыясынан Күн-Элек айылына суу түтүгү аркылуу суу чыгарууга уруксат берилсин.
2.Күн-Элек айылынын элинин өздүк салымы 600 (алты жүз) миң сомду чогултуп Алай райондук «Айыл банкка» жана проектиге төгү жагы айыл башчы А.Бекмурзаев жана № 3 төрт мандаттуу Күн-Элек айылынын депутаты Д.Алимкановко милдеттендирилсин.
3.Бүлөлү дарыясынан Күн-Элек айылына сугат суу чыгарып берүү үчүн тийиштүү документтерди тастыктап берүү жагы Алай райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан суралсын.
Ленин айылдык округунун Кеңешинин төрагасы |
Н.Матанов |