Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25-марты №18/10
Алай райондук аскер комиссариатынын 2011-жылдын 28-январындагы №1/177 чыгыш каты жөнүндө
Алай райондук аскер комиссариатынын 2011-жылдын 28-январындагы №1/177 чыгыш катынын негизинде Ленин айылдык округунун Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Алай райондук аскер комиссариатынын 2011-жылдын28-январындагы №1/177 чыгыш каты жетекчиликке алынсын.
2.Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдеттери жөнүндө, аскердик жана альтернативалык кызматтар жөнүндө Мыйзамынын 41 беренесинин негизинде ушул мыйзамдын талаптарын аткаруу үчүн Ленин айылдык округунун ВУС инспектору А. Сулайманкуловко 2011-жылдын январь айынан баштап кошумча 0,5 ВУС инспекторлук штат берилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышы Ленин айылдык округунун башчысы А. Салиевке тапшырылсын.
Ленин айылдык округунун Кеңешинин төрагасы |
Н. Матанов |