Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25-марты №18/11
Ленин айылдык округунун 2010-жыл ичинде «Айыл чарба малдарынын жана уй айбанаттарынан жугуучу бруцеллез,кутурма,кургак учук ооруларын эпизоотиялык иш-чаралардын абалы боюнча
Ленин айылдык округунун вет инспектору Н.Парманасовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ленин айылдык округунда айыл чарба малдарынын ,уй айбанатарынын жана адамдардын арасындагы катталуучу бруцеллез,кутурма жана учук оорусун алдын-алуу боюнча бир топ иш-чаралар жүргүзүлгөндүгүнө карабастан,орчундуу кемчилдиктер бар экендиги белгиленсин.
2.Айыл округунун башчысы А.Салиевке
- айыл округда айыл чарба малдарын,уй айбанаттарын ветеринардык жактан тейлөөдө,ветеринардык кызматкерлердин жетишсиздигине байланыштуу кошумча ветеринардык штат бөлүп берүү,же болбосо ветеринардык сервистерди уюштуруп берүү жагы.
- учук оорусу менен ооруган адамдардын үй-бүлөөсүнө моралдык жана материалдык жактан жардам көрсөтүү,өтүшүп кеткен оорулууларды санаториялык-курорттук дарыланууга жөнөтүү үчүн сапар чыгымына айыл округдун бюджетинин эсебинен акча каражат бөлүп берүү жагы милдеттендирилсин.
3.Айыл округдун каржылоо бөлүмүнүн башчысы Б.Мамановко
- айыл округдун айыл кыштактарындагы байлоосуз жүргөн дейди иттерди аттыруу жана атылган иттердин өлүгүн көмүү үчүн Беккера чуңкурун даярдоо үчүн акча каражатын бөлүп берүү жагы милдеттендирилсин.
4.Айыл округунун вет инспектору Н.Парманасовко:
- бруццеллез оорусу менен ооруган адамдардын карамагындагы айыл чарба малдарынан кан алып,серологиялык жол менен бруцеллезго текшерүүнү 100% камсыз кылуу.
- серологиялык жол менен аныкталган айыл чарба малдарын ветеринардык эрежеге ылайык 15 кундун аралыгында айыл округунун токтому менен этке тапшырып, сойдуруп жок кылуу.
- Бруцелез оорусу аныкталган очогдорго зыянсыздандыруу иштерин өз убагында жүргүзүү.
- айыл округдагы фермерлердин санын тактоо жана алар кармаган айыл чарба малдарын серологиялык жол менен бруцелезго текшерүүнү камсыз кылуу жагы,айыл кыштактагы кожолукта кармаган иттердин санын тактоо аларды кутурмага каршы эмдоону,паспорттоштуруу жагы милдеттендирилсин.
5.Айыл округдагы айыл башчыларына:
- веткызматкерлер менен бирдикте фермерлердин тизмесин тактоо,фермерлерди бруцеллез оорусун алдын-алууда,өздүк санитардык кийимдерди (фартук,халат, резина кол кап, резина өтүк,чачык ж.б) жана зыянсыздандыруу каражатары менен камсыз кылуу(сатып алуу) жагын көзөмөлдүккө алуу милдеттендирилсин.
6.Айыл округунун социалдык жактан тейлөө бөлүмүнө:
- айыл округдагы учук оорусу менен ооруган адамдардын тизмесин тактоо,ал оорулулардын үй-бүлөөсүнүн жашоо шарты менен таанышпы чыгуу, аларга материалдык жана моралдык жактан жардам берүү боюнча тизмелерин айыл округка өз убагында билдирип туруу жагы милдеттендирилсин.
- округда бруцеллез,учук ооруларынын кескин көбөйүп кеткендигине байланыштуу жугуштуу оорулардын алдын-алуу боюнча айыл-кыштактарды санитардык агартуу иштерин күчөтүү.
- ден соолукту чыңдоо боюнча көйгөйлүү маселелерди комитеттин жыйыныныда талдоо жана бул боюнча айыл округ башчысына билдирүү жана айыл округдун жыйынында кароо жагы милдеттендирилсин.
7.Ленин айылдык кеңешинин депутаттарынын бюджеттик бөлүмүнө:
- айыл округдун 2011-жылга каралган бюджетинин эсебинен кургак учук менен ооруган оорулууларга КРнын учук оорусун алдын-алуу боюнча чыккан Мыйзамынын 13 беренесине ылайык,оорулуулардын сапар чыгымы үчүн жана кутурма оорусун алдын-алуу максатында байлоосуз жүргөн жолбун иттерди аттыруу, алардын өлүгүн көмүү үчүн «Беккера» чуңкурун курууга ,жетишээрлик санда акча каражаттарды бөлдүрүп берүү жагы милдеттендирилсин.
8.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу Ленин айылдык округунун көп секторлуу Координациялык комитеттин төрагасы С.Рамановко милдеттендирилсин.
Ленин айылдык округунун Кеңешинин төрагасы |
Н.Матанов |