Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25-марты №18/13
Ленин айылдык округунун Күн-Элек айылына караштуу Куу-Там участкасына 0,5 га жеке менчик үй курууга жасалган башкы планды (генплан) бекитүү жөнүндө
«Кыргыз илим изилдөө архитектура жана шаар куруу боюнча долборлоо институнун Оштогу филиалы тарабынан Ленин айылдык округунун Күн-Элек айылына караштуу Куу-Там участкасына жеке менчик үйлөрдү куруу үчүн жасалган башкы планды(генпланды) карап чыгып,талкуулап Ленин айылдык округунун Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Ленин айылдык округунун Күн-Элек айылына караштуу Куу-Там участкасына башкы планы(генплан) толук бойдон өзгөртүүсүз бекитилсин.
2.Жер аянттарын (участкаларды) атуулдарга бөлүштүрүү башкы пландын(генпланы) негизинде жүргүзүлсүн.
3.Жер участкалар жеке менчикке берүү жана жер участкаларын убактылуу пайдаланууга берүү Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18,19,32 статьяларынын негизинде аткарылсын.
4.Башкы планга өзгөртүүлөр жана кошумчалар башкы планды жасаган автордун макулдугу менен аткарылсын.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы жана жер реформасын турмушка ашыруу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ленин айылдык округунун Кеңешинин төрагасы |
Н.Матанов |