Загрузка документа…
НУРАБАД АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 1-апрели №230-2
Нурабад айылдык округунун 2010-жыл үчүн бекитилген бюджетинин аткарылышы тууралу отчетун, 2011-жыл үчүн болжолдонгон бюджетин жана 2012-2013 жылдардагы бюджетин негизки параметрлерин бекитүү жѳнүндѳ
1. Нурабад айылдык округунун 2010-жылдагы бюджетинин киреше бѳлүгү пландагы 10869,7 миӊ сомдун ордуна факт жүзүндѳ 11146,5 миӊ сом, атап айтканда 276,8 миӊ сом (102,55% кылып) ашыкчасы менен, ал эми чыгаша бѳлүгү пландагы 10869,7 миӊ сомдун ордуна факт жүзүндѳ 10791,2 миӊ сом, атап айтканда 78,5 миӊ сом кем (99,28 %) кылып аткарылгандыгы тууралу отчет жактырылып, бекитилсин.
2. 2010-жылы Нурабад айылдык округунун бюджетинин киреше бѳлүгү чыгаша бѳлүгүнѳн 355,3 миӊ сом ашыкча кылып аткарылгандыгы, атап айтканда Нурабад айылдык округунун бюджетинин киреше бѳлүгү 2011-жылдын 1-январына карата 355,3 миӊ сом калдык менен жыйынтыкталгандыгы белгиленсин.
3. Нурабад айылдык округунун бюджети боюнча жүгүртүүдѳгү кассалык накталай акча 2011-жылдын 1-январына карата 23,9 миӊ. сом суммасында белгиленсин.
4. Нурабад айылдык округунун 2011-жылга бюджети кирешелер жана чыгашалар бѳлүгү боюнча жалпысынан алганда 8150,8 миӊ сом суммасында бекитилсин.
5. Нурабад айылдык округунун 2011-жыл үчүн бюджетине Республикалык бюджеттен бѳлүнүүчү жана берилүүчү гранттардын жалпы суммасы 5618 миӊ сом кылып белгиленсин.
6. Нурабад айылдык округунун 2012-2013-жылдарга болжолдонгон бюджетине Республикалык бюджеттен бѳлүнүүчү жана берилүүчү гранттардын ѳлчѳмдѳрү (негизги параметрлеринин болжолу) жактырылып, киреше жана чыгаша бѳлүгүнүн категориалдык грант боюнча божомолу 2012-жылга 4567,8 мин. сом, 2013-жылга 4567,8 мин. сом суммасында, ал эми тендештирүүчү грант боюнча божомолу 2012-жылга 1081,2 мин. сом, 2013-жылга 919,6 мин.сом суммасында белгиленсин. 2012-2013-жылдарга жактырылган айылдык округдун бюджеттин божомолдоо параметрлери алар кабыл алынган ар бир конкреттүү жылда тактоого алынсын.
7. Нурабад айылдык округунун жергиликтүү бюджетинин 2011-жылдын 1-январына карата киреше бѳлүгү боюнча калдыгын, чыгаша бѳлүгү боюнча каражаттарынан пайдалануусунун ѳлчѳмдѳрү башкарууу аппаратына 205,6 миӊ сом, билим берүү тармагына 60 миӊ сом, коммуналдык чарбага 89,7 миӊ сом, жалпысы болуп 355,3 миӊ сом кылып бекитилсин.
8. 2011-2013-жылдарда чыгымдарды каржылоого биринчи кезекте коргоого алынган беренелер боюнча (эмгек акы, социалдык фондуна чегерүүлѳр, тамактануу жана женилдиктер) ошондой эле коммуналдык чыгымдарды каржылоо боюнча жүргүзүлсүн. Чыгашалардын корголгон беренелерин каржылоо үчүн жоопкерчилик Нурабад айылдык округунун башчысы жана ФЭБ башчысына жүктѳлсүн.
9. Нурабад айылдык округунун ФЭБ башчысына атайын каражаттарды казыналык системасынан тышкары, пайдалануусуна тыюу салынсын. Кѳрсѳтүлгѳн тартып бузулган учурда ФЭБ башчысына КРнын Мыйзамдарынын негизинде тийиштүү жаза колдонуу жагы эскертилсин.
10. Нурабад айылдык округунун башчысы тѳмѳнкүлѳргѳ укуктуу:
эгерде бул айылдык округдун бюджетинин киреше бѳлүгүн азайтууга алып келбесе, ушул токтомдун 4-беренесинде бекитилген суммалардын чектеринде ушул токтомдун тиркемесине ѳзгѳртүү киргизуу боюнча сунуш даярдоого:
айылдык округдун бюджетинин чыгаша бѳлүгүнүн кѳбѳйтүнү карап чыгуу боюнча сунуш даярдоого:
киргизилүүчү ѳзгѳртүүлѳр тууралу сунуштарды бекитип берилишин суранып Нурабад айылдык Кеӊешине кайрылууга укукту.
11. Киреше салыгынын жана сатуудан алынуучу салыктын жана кирешелердин башка булактарынын бекитилген пландык кѳрсѳткүчтѳрү ашыра аткарылганда, ашыра аткаруунун суммасы белгиленген тартипте жана толугу менен жергиликтүү бюджеттерге чегерилсин. Жергиликтүү бюджеттин киреше бѳлүгүнүн аткарылбаганы үчүн жоопкерчиликти Нурабад айылдык округунун жетекчиси тартат.
12. Нурабад айылдык округунун бюджетинин киреше бѳлүгүнүн 01.01.2011-жылга карата калдыгынын эсебинен тѳмѳндѳгү максаттарда пайдаланууга уруксат берилсин:
1. Милициянын участкалык инспекторунун жардамчысынын эмгек акысына-21,1 миӊ сом.
2. ОПЦнын мүчѳлѳрүнүн эмгек акысына-14,1 миӊ сом.
3. Эл. энергиясынын акыны - 29,5 миӊ сом
4. Калкты таза ичимдик суусу менен камсыздоого-5 миӊ сом
5. Иш кагаздарын тигип, калыбына келтирүүнү уюштурууга (переплет)-20 миӊ сом.
Жалпысы болуп 89,7 миӊ сом
Нурабад айылдык кеӊешинин тѳрагасы |
У.Байбабаев
|