Загрузка документа…
НУРАБАД АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 1-апрели № 230-4
Мангыт айылдык округунун «Ак-Баш» айылынын тургундарынан Биллахунов Махамат жана башка 30 адам кол коюп жазышкан арызы жѳнүндѳ
Араван районунун Мангыт айылдык округунун “Ак-Баш” айылынын тургундарынан Биллахунов Махамат жана 30 адам кол коюп жазган арызы жана арызда кѳрсѳтүлгѳн 4,19га жерди Мангыт айылдык округунун балансына ѳткѳрүп берүү, анын оруна алыштыруу жолу менен 4,19 га башка жерди Нурабад айылдык округунун балансына ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳ коюлган талап тѳмѳндѳгү шарттар менен канааттандырылсын:
1. Мангыт айылдык окуругу тарабынан алыштыруу үчүн Нурабад айылдык округунун балансына ѳткѳрүп берүүгѳ сунушталып жаткан 4,19 га жер пайдалануу үчүн ынгайлуу жерден болушу зарыл.
2. Жерди Мыйзамдуу жол менен алыштыруу үчүн керектелүүчү документтерди даярдап берүү жагы Мангыт жана Нурабад айылдык округунун башчылары менен жер адистери ѳз ара жана толук келишими менен жүргүзүлүшү керек.
Ушул токтом-сунушту колдоп берүү, тийиштүү документтерди юридикалык жактан жана туура жүргүзүү маселесинде кѳмѳк кѳрсѳтүү жагы Араван райондук Кеӊешинин тѳрагасы К.Айтибаев менен Араван райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин милдетин аткаруучу П.Мирзабармовлардан суралсын.
Нурабад айылдык кенешинин тѳрагасы |
У.Байбабаев
|