Загрузка документа…
НУРАБАД АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 1-апрели № 230-4.3
Жайыт жерлерден толук жана сарамжалдуу пайдаланылбай калгандыгына байланыштуу жер салыгын тѳлѳѳдѳн бошотуу жѳнүндѳ
Кайрагач-Арык айылынын тургуну жайыт комитетин тѳрагасы Абдукаимов Турдали Назаровичтын ѳткѳн 2010-жылы Ош кооголанына байланыштуу элдын мал-койун жайлоого алып чыгып багуунун мүмкүнчүлүгү болбогондун, алып чыгылган мал-койлор дагы тезден эле кайрадан алып келинип ээлерине таратып берилгендигин маалым кылган. Атап айтканда жайыт жерлерден толук жана сарамжалдуу пайдаланылбай калгандыгына байланыштуу жайыт жерлерден 2010-жылы алынуучу жалпы суммасы 74900 (жетимиш тѳрт миӊ тогуз жүз) сомдук жер салыгын тѳлѳѳдѳн бошотуп коюлушун ѳтүнгѳн арызы жѳнүндѳ
1. Т.Абдукаимовдун арызы канааттандырылып, Нурабад айылдык округунун “Жайыт” комитети 2010-жыл үчүн жайыт жерлердин эсебинен тѳлѳѳсү зарыл болгон жалпы суммасы 74900 (жетмиш тѳрт миӊ тогуз жүз) сомду түзгѳн жер салыгын тѳлѳѳдѳн бошотулсун.
Нурабад айылдык кенешинин тѳрагасы |
У.Байбабаев
|