Загрузка документа…
НУРАБАД АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 1-апрели № 230-4.4
Нурабад айылдык округунун Кескен-Таш участкасына АРИС менен биргеликте “Каптаж” куруу боюнча
Кайрагач-Арык айылынын тургуну жайыт комитетинин тѳрагасы Абдукаимов Турдали Назаровичтин жайлоолорго айдалуучу мал-койлорду сугаруу кийин болуп жаткандыгынан Нурабад айылдык округунун Кескен-Таш участкасына “Каптаж”- жайлоолорго айдалуучу мал-койлорду сугаруу үчүн АРИС программасы менен биргеликте аталган жайда жайгашкан жердеги сугаруу булактарын кѳзүн ачып, мал-койлорду сугаруу үчүн шарт түзүп берүүчү бетондаштырылган чуӊкур куруу болжолдонуп жаткандыгынан аталган курулушка АРИС тарабынан 202022сом акча каражаты каралгандыгын ал эми айылдык округ тарабынан дагы салым кошуу жагына жардам берилишин ѳтүнгѳн арызы жѳнүндѳ.
1. Нурабад айылдык округунун Кескен-Таш участкасына АРИС менен биргеликте “Каптаж” куруу боюнча түзүлгѳн долбоор макулданып, колдоого алынсын.
2. “Каптаж” куруу үчүн жергиликтүү салым катарында кирешелердин кошумча булактарынын эсебинен Нурабад айылдык округунун 2011-жылдагы бюджетинен АРИСтин миссиясына ылайык канча салым кошуу зарыл болсо ошончо акча каражаттарын иштетүүгѳ уруксат берилсин.
Нурабад айылдык кеӊешинин тѳрагасы |
У.Байбабаев |