Загрузка документа…
НУРАБАД АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 29-январы № 229-1
Нурабад айылдык округуна таандык болгон 387 га жерди трансформациялоо жана ажыратып берүү тууралу
Араван райондук мамлекеттик администрациясынын 2011-жылдын 28-январындагы «Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатор С.Ш.Жээнбековдун Ош шаарынын инфрастуктурасын кеӊейтүү максатында Араван районунун «Катта-Сай» деп аталган массивиндагы Керме-Тоо, Чекабад, Тепе-Коргон жана Нурабад айылдык округдарына таандык болгон кайрак жерлерден жалпысы болуп 1429 га, анын ичинен Нурабад айылдык округуна таандык болгон 387 га жерди трансформациялоо жана ажыратып берүү тууралу сунушун карап чыгып, ушул маселени чечип берүү жагы суралган» №80-чыгуу сандуу сунуш каты жѳнүндѳ
1. Ош облусунун райондорундагы Ош шаарында жашап иштеген жана Ош шаарынын тургундарынын социалдык маселелерин чечүү, Нурабад айылдык округунун турак-жай фондун кеӊейтүү максатында Катта-Сай массивинде жайгашкан Нурабад айылдык округунун балансында болгон жалпы ѳлчѳмү 387 гектар жер аянтын (151 гектар кайрак айдоо жер, 9 гектар бак, 182 гектар жайыт, 45 гектар ыӊгайсыз жерлерин) жеке тартипте турак жай куруу үчүн трансформациялоо жагы Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнѳн суралсын
2. “Катта-Сай” массивинде жайгашкан Нурабад айылдык округунун балансындагы 160 гектар жер аянтын (88 гектар кайрак айдоо жер, 61 гектар жайыт, 11 гектар ыӊгайсыз жерлер) Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин» негизинде Ош шаарынын мериясынын балансына ѳткѳрүп берилсин.
3. “Катта-Сай” массивинде жайгашкан Нурабад айылдык округунун балансында калуучу жана КРнын Ѳкмѳтүнѳн трансформациялоо жагы суралган 227 гектар жер аянты (63 гектар кайрак жер, 9 гектар кѳп жылдык бак-дарактар, 121 гектар жайыт, 34 гектар ыӊгайсыз жер аянттары) айылдык округдун тургундарына жеке тартипте турак жай салуу үчүн ажырытылып берилсин.
4. Ош шаарынын мэриясынын ыктыярына ѳткѳрүлүп берилип жаткан 160 га жерди жогоруда аталган максаттарда пайдаланып, жерди ѳздѳштүрүү иштери башталганга чейин, аталган жерлердин бүгүнкү күндѳгү ээлерин ѳздѳрү пайдаланып туруусун кепилдиги.
5. Жогоруда аталган жерлер ѳздѳштүрүлүп, элдер там жай салып, кѳчүп келсе сугат суусуна болгон талаптын жогорулашын эске алып, «Ак-Буура-Араван» каналыны ремонттоп, кеӊейтүү маселесин чечүү жагы.
6. Элдердин суранычтарын эске алуу менен Ош шаарынын мэриясын ыктыярына берилген 160 гектар (88 гектар кайрак айдоо жер, 61 гектар жайыт, 11 гектар ыӊгайсыз жерлер) жердин ордуна компенсация катарында мүмкүнчүлүгү бар жана пайдалануу үчүн ыӊгайлуу болгон башка жерден 160 гектар жер участогун Нурабад айылдык округуна ѳткѳрүп берүүнү камсыздоо кепилдиги.
7. Айылдык округдун бюджетинин киреше бѳлүгүн толуктоо үчүн жогоруда аталган жерлерден алынуучу жалпы ѳлчѳмү 100 000 (жүз миӊ) сомду түзгѳн салык жана тѳлѳмдѳрдүн жыл сайын жана ѳз убагында Нурабад айылдык округунун жергиликтүү бюджетине тѳлѳп берүү кепилдиги.
8. Ушул токтомдун аткарылышын уюштуруу жана кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык Кеӊештин тийиштүү жана туруктуу комиссияларынын тѳрагалары М.Киргизбаев, С.Урманова, А.Расулов, Э.Зайнабидиновларга жүктѳлсүн.
Нурабад айылдык Кеӊешинин тѳрагасы |
У.Байбабаев |