Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25-февралы № 23/4
Т. Кулатов айылдык округунун аймагындагы жайыт колдонуучу атуулдарга малдардын түрлөрү боюнча тариф жана иш аракеттерин бекитүү жөнүндө
Т.Кулатов айылдык округунун жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы К.Рустамовтун бир жылдык аткарылган отчотун угуп жана талкуулап Т.Кулатов айылдык офугунун депутаттардын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов айылдык округунун жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы К.Рустамовтун 2010 жылда аткарылган отчоту канаатандыралдык дел белгиленсин.
2. Т.Кулатов айылдык округунун жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укукгары өткөрүлүп берилсин.
3. 2011 жылга карата жайыт пайдалануучулар менен жайыт пайдалануучулар үчүн төмөндөгүдөй наркта малдардын түрлөрү боюнча баа бекитилсин.
-1 баш жылкыга - 60 сом. -1 баштан кой, эчкиге - 20 сом.
-1 баш уйга - 60 сом. -1 баш торпоко - 40 сом.
4. 2011 жылга карата Т.Кулатов айылдык округунун жайыттарына башка чет жактан келген жайыт пайдалануучуларга жайыт үчүн бир сезонго төмөндөгүдөй наркта малдардын түрлөрү боюнча баа бекитилсин
-1 баш жылкыга - 500 сом. -1 баштан кой, эчкиге -100 сом.
-1 баш кара мал га - 500 сом.
5. Жалпы Т.Кулатов айылдык округундагы 11795 га. жайыттын ичинен 2011 жылга жайыт пайдалануучулар бирикмесине элдин суроо талабына негиз, 6100 га. Жайыт пайдаланууга берилсин жана жайыт комитетине түшкөн акча каражаттарды жергиликтүү бюджетке багытоо милдеттендирилсин .
Т. Кулатов айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Абдиллаев |