Загрузка документа…
КӨЛДҮК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 20-апрели №6
Көлдук айыл округунун 2010-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2011-жылдын бюджетин
бекитүү жөнүндө
Көлдүк айыл округунун 2010-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2011-жылдын бюджетин бекитүүгө айылдык кеӊештин депутаттарынын жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын киргизген сунуштарын эске алып Көлдүк айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көлдук айылдык Округунун 2010-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2011-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө Көлдүк айыл Округунун ФЭБ башчысы К. Дуйшеевдин отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Көлдүк айылдык Округунун 2010-жылдагы бюдетинин чыгаша булагы 8867,4 сомго аткарылганы ошондой эле киреше булагы 8894,5 сомго аткарылганы белгиленсин же киреше-чыгаша бөлүгүнөн 27,1 мин сомго акча каражаты артыкчылыгы менен аткарылгандыгы бекитилсин.
3. Көлдүк айылдык Округунун 2011-жылдагы киреше жана чыгаша булактары 6169,1 мин сомго бекитилсин.
4. Көлдүк айылдык Округунун Көлдүк айыл Округунун чыгаша бөлүгү 2011-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте негизги статьяларга ( эмгек акы, соц.фонд чегеруу) каржылануусу белгиленсин.
5. Атуулдардын эмгек акысынан кармалуучу подоход салыгынан эсептеп өткөрүүлөрдүн өлчөмү 100% өлчөмүндө белгиленип, мыйзамдын негизинде Республикалык бюджетке чегерилери бекитилсин.
6. Акы төлөп кызмат көрсөтүү жана чекене сатуудан алынуучу 4 % салыктары менчиктин турунө карабастан жергиликтүү бюджетке толугу менен чегерилээри белгиленсин.
7. Жергиликтүү бюджетке республикалык бюджеттен берилүүчү максаттуу гранттардын өлчөмдөрү № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин. Максаттуу гранттар элге билим беруу жагындагы багыттарга каржылоого жумшала тургандыгы белгиленсин.
8. 2010-жылдагы жергиликтүү бюджетинин чыгашалардын айрым бөлүмдөрү боюнча каржыланбай калган чыгымдарды 2011-жылдын бюджетинин эсебинен каржылоо жагы сунуш кылынсын.
9. 2011-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше булагы чыгаша булагын камтыбагандыгынан финансы министрлигинен жетишпеген акча каражатын каржылап берүү жагы суралсын. ( коммуналдык тейлее, тамак-ашка, ремонт иштери)
10. Жалпы бюджеттин №1 өлчөмүндөгү суммасынан резервдик фонд түзүлүп, мыйзамдын негизинде соц.обьектилер үчүн жумшалсын.
11. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык- экономикалык план финансы бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Көлдүк айылдык кеӊешинин төрагасы |
М. Молдокасымов |