Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 5-апрелиндеги № 110
Куршаб айыл өкмөтүнүн 2010-жылдагы бюджетинин аткарылышын жана 2011-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү жөнүндө
Куршаб айыл өкмөтүнүн 2010-жылдагы бюджетинин аткарылышын жана 2011-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү жөнүндөгү маселе айылдык кеӊештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарынын негизинде талкуулап айылдык кеӊештин сессиясы
TOKTOМ КЫЛАТ:
1. 2010-жылы Куршаб айылдык кенешинин бюджетинин киреше булагы план 5226,2 сом болсо, аткарылганы 5885,6 сомго,же болбосо 659,4 сомго ашыкча аткарылгандыгы белгиленсин.
2. 2011-жылга Куршаб айылдык кеӊешинин бюджети кирешелери жана чыгашалары боюнча № 1 жана № 2 тиркемелерге ылайык 22161,9 сом суммасында бекитилсин анын ичинен атайын каражат 600,0 мин, сомго белгиленсин.
3. Куршаб айылдык округунун бюджетинин чыгашаларын каржылоо 2011-жылга тушкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте коргоого алынган статьялар боюнча (эмгек акы.соц фондко чегерүү, тамак-ашка) каржылануусу белгиленсин.
4. 2011-2012-жылга Куршаб айылдык округунун бюджетинин долбооруна өзгөртүүлөр киргизилүү менен кабыл алынсын.
5. Куршаб айылдык округунун 2010-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышында кемчиликтерге жол коюлгандыгы белгиленсин.
6. Куршаб айылдык округунун 2011-жылдын 1-январына унөмдөлүп калтырылган 320,9 мин, сом акча каражат Куршаб айылдык округунун 52,5 мин, сом эмгек акыга, билим берүү тармагына (жаны бала бакчанын ремонтуна) 268,4 мин, сом, жумшалсын.
7. КБФнун аренда төлөмүн үзгүлтүккө учураткан арендаторлорго мыйзамдуу чара көрүү жагы айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
8. Ар бир кожолуктан таштандылардан алынуучу салык 25 сом өлчөмүндө өндүрүү белгиленсин.
9. Райондук ички иштер бөлүмүнүн 12.03.2011-жылдагы № 5/708 сунуш катын эске алуу менен айылдын ичиндеги трансопрттордун жүрүшүн көзөмөлгө алуу, жол коопсуздугун камсыздоо максатында айыл өкмөтүнүн аймагына атайын 1 штат МАИ кызматкери алынып, эмгек акысы айына 5000 сомдон айыл өкмөттүн бюджетинен каржыланып берилсин.
10. Айыл өкмөтү тарабынан берилүүчү ар бир аныктама учун 5 сом өлчөмүндө акча каражаты алынып, кассага кириштелсин. Кириштелген акча каражаты кайра айыл өкмөтүнүн иш кагаздары үчүн керектөлүүчү канцелярдык товарлар, компьютердин заправкасы үчүн жумшалсын. Калктын жакыр катмары, согуш ветерандары, эмгек ардагерлери аныктама акысынан бошотулсун.
11. Жергиликтүү бюджетке республикалык бюджеттен берилүүчү максаттуу жана тендөөчү гранттардын өлчөмдөрү сметага ылайык бекитилсин. Максатуу грант элге билим берүү жагындагы приоритетүү багытта каржылоого жумшала тургандыгы белгиленсин.
12. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин өнөр жай, транспорт, соода байланыш, эгнергетика жана финансы-экономикалык бюджет маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Куршаб айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Алиев |