НООКАТ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Ноокат райондук кеңешинин (IV чакырылышынын) кезексиз он төртүнчү сессиясы
2011-жылдын 25-марты № 14-2
Депутаттардын Ноокат райондук кеңешинин ички тартип маселеси жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамынын 3-беренесинин негизинде Ноокат райондук кеңешинин №3-төрт мандаттуу Ноокат шайлоо округунун депутаты Абдувахидов Абдугаффар Саипжановичтин депутаттык мандатын алуу жөнүндө райондук кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Абдувахидов Абдугаффар Саипжанович Кыргыз Республикасынын аймагынан сыртта жүрүп, депутаттык кызматын аткарбагандыгы үчүн депутаттык мандаты алынсын.
2. Ош областык шайлоо жана референдум өткөрүү комиссиясынан суралсын.
Ноокат райондук кеңешинин төрагасы |
М.Ташбаев |