Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 5-сентябры №12/1
Чон-Алай районунун 2011- жылга бекиген райондук бюджетинин 2011-жылдын 6 айында аткарылышы жөнүндө райондук каржы бөлүмүнүн башчысы Б. Пазыловдун билдирүүсү жөнүндө
Чон-Алай райондук кенешинин кезектеги (5 чакырылышынын) XII сессиясы Чон-Алай районунун 2011- жылга бекиген райондук бюджетинин 2011-жылдын 6 айында аткарылышы жөнүндө райондук каржы бөлүмүнүн башчысы Б. Пазыловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чон-Алай районунун 2011- жылга бекиген райондук бюджетинин 2011-жылдын 6 айында аткарылышы жөнүндө райондук каржы бөлүмүнүн башчысы Б. Пазыловдун билдирүүсу эске алынсын.
2. 2011- жылдын 6-айында райондук бюджеттин киреше бөлүгү 11642,3 мин сомго, ал эми чыгаша бөлүгү 11907,0 мин сомго бекитилсин.
3. Райондук каржы бөлүмүнүн башчысы Б. Пазыловго:
- 2011- жылдын 6-айында райондук бюджетке ашыкча түшкөн кирешенин эсебинен райондук балдардын чыгармачылык борборуна кезектеги ремонт үчүн 25,0 мин сом, райондук аскер комиссариатынын кезектеги ремонтуна 30,0 мин сом планга бекитилсин жана каржылансын.
4. 2011- жылдын 9-айына карата ашыкча түшкөн кирешенин эсебинен Чон-Алай районунун жергиликтүү бюджетинен каржылануучу мекеме-ишканалардын бухгалтериалык эсебин так жана туура жүргүзүү үчүн райондук каржы бөлүмүнө 1С эсептик программасын сатып алууга райондук мамлекеттик администрациясынын резервдик фондунан 30,0 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин жана бөлүнгөн каражат райондук каржы бөлүмүнө өткөрүлүп берилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы « Бюджет» боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К. Калбаевге тапшырылсын
Чоң-Алай райондук кеңешинин төрагасы |
Д.Молдоболотов |