Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 5-сентябры №12/5
Чоң-Алай районундагы « Айкын кызмат» бейформал коомдук уюмунун жетекчиси К. Абдылдаевдин билдирүүсү жөнүндө
Чоң-Апай районундагы «Айкын кызмат» бейформал коомдук уюмунун жетекчиси К. Абдылдаевдин Чоң-Алай районун аймагында иш жүргүзүп жаткан Кайди жоопкерчилиги чектелген компаниясынын жүргүзгөн ишинин мыйзамсыз экендигине байланыштуу билдирүүсүн угуп жана талкуулап Чоң-Алай райондук кеңешинин кезектеги (5 чакырылыштагы) XII сессиясы
ТОКТОМКЫЛАТ:
1. Чоң-Алай районундагы « Айкын кызмат» бейформал коомдук уюмунун жетекчиси К. Абдылдаевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. Чоң-Алай районундагы «Айкын кызмат» бейформал коомдук уюмунун «Орхус» маалымат борбору менен биргеликте 2011- жылдын 6- октябрында уюштуруп жаткан коомдук угууга жергиликтүү тийиштүү органдарды катыштырып берүүгө көмөк көрсөтүү жагы райондук мамлекеттик администрацияга милдеттендирилсин.
З.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, депутаттык этика, кеңештердин иштери, коомдук уюмдар боюнча» туруктуу комиссиянын төрагасы М. Калыковго милдеттендирилсин.
Чоң-Алай райондук кеңешинин төрагасы |
Д.Молдоболотов |