Загрузка документа…
ОН ЭКИ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 1-апрели №12-2
Он Эки Бел айыл округунун Он Эки Бел айылындагы «Он Эки Мойнок» балдар бакчасын туруктуу иштетүү үчүн 2011-жылга айыл округунун бюджетине кошуп кароо жөнүндө
Он Эки Бел айыл округунда жамааттын негизинде уюштурулган “Он Эки Мойнок” балдар бакчасынын башчысы Калматова Фатиманын иштетип жаткан балдар бакчасын юстиция башкармалыгынан откоргондугу жонундогу маалыматын угуп жана мындан ары балдар бакчасын туруктуу иштеши үчүн, балдар бакчасында эгерде бюджеттик каржылоого өтсө бардык шарттар бар экендигин айтып 2011-жылга айыл округунун бюджетине кошуп кароо жөнүндөгү билдирүүсүн айылдык кеңештин депутаттары угуп жана талкуулап көрүп
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Он Эки Бел айыл округунун Он Эки Бел айылында жамаатын негизинде уюштурулган “Он Эки Мойнок” балдар бакчасы юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөндүгүнө байланыштуу мындан ары үзгүлтүксүз иштөө максатында балдар бакчасын финасылык каржылоо үчүн 2011-жылга айыл округунун бюджетине кошулуп каралсын.
2. “ Он Эки Мойнок ” балдар бакчасына элүү баладан турган эки группаны беш күндүк иш күнү менен туруктуу иштетүүнү камсыз кылуу жана эта-энелердин алынуучу взносторду чогултуп , өз убагында бухгалтерия менен эсептешип туруу балдар бакчасынын башчысы Ф. Калматовага милдеттендирилсин.
3. Балдар бакчасында иштеген кызматкерлердин эмгек акыларын мыйзамга ылыйык тарификациясын түзүп, эмгек акыларын төлөп берүү айыл округунун ФЭБ башчысы К. Пармановага милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду көзөмөлгө алуу айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылат.
Он Эки Бел айылдык кеңешинин төрагасы |
М. Мойдунов
|