Загрузка документа…
ОН ЭКИ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 1-апрели № 12 - 3
Он Эки Бел айыл округунун аймагындагы Нарай ИСКАКБсынын башчысы Рахмановдун аткарган иштери жөнүндө отчету жана 2011-жылга карата план тапшырмалар жөнүндө
Он Эки Бел айыл округунун аймагындагы Нарай ИСКАКБсынын 2010-жылда жүргүзгөн иш-аракеттери жана 2011-жылга аткарыла турган план-тапшырмалары жөнүндө Рахмановдун билдирүүсүн айылдык кеңештин депутаттары угуп жана талкуулап айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. «Нарай –Суу» ИСКАКБсынын башчысы Ж.Раахмановдун 2010-жылда калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча жүргүзгөн иштерин канаттандыраарлык деп табылсын.
2. «Нарай –Суу» ИСКАКБна Ж. Рахманов кайрадан төрага болуп бекитилсин.
3. «Он эки бел айыл округунун аймагындагы Нарай ИСКАКБсынын биринчи транштагы 5%тик төлөмдү жана ичүүчү суу үчүн тарифтерди топтоо боюнча Ж.Рахмановго жакындан жардам көрсөтүү менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүу жагы айылдык кеңештин депутаттарына, айыл башчыларына жана жооптуу кызматкерлерине милдеттендирилсин .
4. 2010-жылга үч жактуу түзүлгөн келишимдин негизинде ичүүчү таза сууга мектеп окуучулары үчүн айыл округунун эсебинен тарифтерди тез аранын ичинде Нарай ИСКАКБсынын эсебине төлөп берүү айыл округунун ФЭБ башчысы К. Пармановага милдеттендирилсин .
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.
Он Эки Бел айылдык кеңешинин төрагасы |
М.Мойдунов |