Загрузка документа…
ОН ЭКИ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 1-апрели № 12 / 5
Он эки бел айылдык округунун 2011-жылга төлөнө турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк салыктарына , айыл чарбасына арналбаган жер салыгына зоналдык коэфицентин (К2) бекитүү жөнүндө
Он эки бел айылдык округунун 2011-жылга төлөнө турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк салыктарына , айыл чарбасына арналбаган жер салыгына зоналдык коэфицентин (К2) белгилеп берүү жөнүндө Он эки бел айылдык округунун салык кызматкери К.Анарбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Он эки бел айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Он эки бел айылдык округунун 2011-жылга төлөнө турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк салыктарына 1,00 коэфицент , айыл чарбасына арналбаган жер салыгына зоналдык коэфицентин (К2) 0,8 өлчөмүндө бекитилсин .
2. Бекитилген коэфицентинин негизинде иш жүргүзүү айыл округунун салык инспектору К. Анарбаевге милдеттендирилсин.
Он Эки Бел айылдык кеңешинин төрагасы
|
М. Мойдинов |