Загрузка документа…
ОН ЭКИ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 20-апрели №13-2
Он эки бел айыл округунун 2011-жылга социалдык экономикасынын өнүгүүнүн планын жана 2012-2013-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиясын болжолун бекитүү жөнүндө
Он эки бел айыл округунун 2011-жылга социалдык экономикалык өнүгүүнүн планы жана 2012-2013-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиясын бекитүү жөнүндөгү маселени Он эки бел айылдык округдук кеңешинин депутаттары угуп жана талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Он эки бел айыл округунун 2010-жылга жана 2011-2012-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиясы жөнүндөгү Он эки бел айылдык округунун 07.04.2011-жылдагы № 535 токтому бекитилсин .
2. Он эки бел айылдык округунун социалдык- экономикалык өнүгүүсүнүн планын иштеп чыгуу боюнча жумушчу тобу түзүлсүн (тиркеме тиркелет).
3. Он эки бел айылдык округунун 2011-жылга жана 2012-2013-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиясынын камсыздоо боюнча атайын иш- чараларды иштеп чыгуу айыл округунун кызматкерлерине жана айыл округуна караштуу мекеме-ишканалардын башчыларына тапшырылсын .
4. Он эки бел айылдык округунун башчысы жогорудагы маселе боюнча аткарылган иштер боюнча ар жарым жылда отчет берип туруу жагы милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомду көзөмөлгө алуу айылдык округдук кеңешинин социалдык экономикалык жана бюджет тууралуу туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Он эки бел айылдык кеңешинин төрагасы
|
М. Мойдинов
|