Загрузка документа…
ОН ЭКИ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 20-апрели №13-5
Он Эки Бел айылдык Округунун 2011 -жылдын «11»- апрелиндеги № 36 - токтомун бекитип берүү туралуу
Он Эки Бел айылдык Округунун аймагында жашаган тургундардын турак-жай салууга жазган арыздарын канаатандыруу максатында Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2011-жылдын 29-мартындагы № 1-10/239-катынын негизинде Он Эки Бел айылдык Округунун 2011-жылдын «11»- апрелинде кабыл алынган № 36 - токтомун карап чыгып жана талкуулап Он Эки Бел айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Он Эки Бел айылдык Округунун 2011-жылдын « 11 »-апрелиндеги № 36 -токтому бекитилсин.
2. Он Эки Бел айылдык Округунун аймагында жашаган тургундардын турак жай салуу үчүн жазган арыздарын канааттандыруу үчүн айылдык Округунун кайра бөлүштүрүү фондунун кайрак айдоо жеринен 25 га жер аянты жана бузулуп жок болгон эски короо сарайлардын ордулары турак жай салуу үчүн ажыратылып берилсин.
3. Айылдык Округунун тургундарына турак жай салуу үчүн 0,10 жер аянты ажыратылып берилсин.
4. Ушул чечимди бекитип берүү жагы Ноокат райондук Кеңешинен суралсын.
Он Эки Бел айылдык кеңешинин төрагасы |
М. Мойдунов |