Загрузка документа…
ОН ЭКИ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 20-апрели № 13-6
Он Эки Бел айылдык Округунун 2011-жылдын «14»-апрелиндеги № 37-токтомун бекитип берүү туралуу
Он Эки Бел айылдык Округунун аймагында сугат суу менен камсыз кылуу боюнча кыйынчылыктарды алып келген ошондой эле сары топурактуу , шордуу, сүрүлгөн жана төмөнкү гумустуулугу менен айырмаланган үлүштүк жана кайра бөлүштүрүү фондунун жер аянттарын көп жылдык бак-дарактарды отургузуу үчүн дыйкан жана фермер чарбалардын жетекчилеринин жана ижарачылардын айылдык жалпы жыйындарда айтылган сунуштарын канааттандыруу максатында Он Эки Бел айылдык Округунун 2011-жылдын «14» - апрелинде кабыл алынган № 37 - токтомун айылдык кеңештин депутаттары кеңири түрдө карап чыгып жана талкуулап Он Эки Бел айылдык Кеңешинин сессиясы төмөнкүдөй
1. Он Эки Бел айылдык Округунун 2011-жылдын «14»-апрелиндеги № 37-токтому бекитилсин.
2. Он Эки Бел айылдык округунун аймагында сугат суу менен камсыз кылуу боюнча кыйынчылыктарды алып келген ошондой эле сары топурактуу, шордуу, сүрүлгөн жана төмөнкү гумустуулугу менен айырмаланган үлүштүк жана кайра бөлүштүрүү фондунун жер аянттарын көп жылдык бак-дарактарды отургузуу үчүн уруксат берилсин.
3. Айылдык Округунун аймагындагы үлүштүк жана кайра бөлүштүрүү фондунун жер аянттарына көп жылдык бак-дарактарды отургузуу үчүн жер аянтттарын аныктап, тактап чыгуу жагы айылдык Кеңешинин алдында түзүлгөн туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Ноокат райондук Кеңешинен суралсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Округунун жер адиси И. Калмурзаевке тапшырылсын.
Он Эки Бел айылдык кеңешинин төрагасы
|
М. Мойдунов |