Загрузка документа…
ОН ЭКИ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 20-апрели № 13-7
Он Эки Бел айылдык Округунун 2011-жылдын «15»-апрелиндеги № 38-токтомун бекитип берүү туралуу
Он Эки Бел айылдык Округунун аймагындагы эски спорттук аянттарды жана социалдык курулуштардын жер аянттарын кайра жандандыруу, көрктөндүрүү ошондой эле айыл элине тышкы инвистицияларды тартуу жөнүндө айылдык Округунун тургундарынын айылдык округуна жазган арыздарын канааттандыруу максатында Он Эки Бел айылдык Округунун 2011-жылдын «15 » - апрелинде кабыл алынган № 38 - токтомун айылдык кеңештин депутаттары кеңири түрдө карап чыгып жана талкуулап Он Эки Бел айылдык Кеңешинин сессиясы төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Он Эки Бел айылдык Округунун 2011- жылдын «15»-апрелиндеги № 38 -токтому бекитилсин.
2. Он Эки Бел айылдык округунун аймагында эски спорттук аянттарды жана социалдык курулуштардын жер аянттарын кайра жандандыруу, көрктөндүрүү ошондой эле айыл элине тышкы инвистицияларды тартуу үчүн жогоруда көрсөтүлгөн жер аянттары муниципиалдык менчикке өткөрүлсүн.
3. Айылдык Округунун аймагындагы эски спорттук аянттардын жана социалдык курулуштардын жер аянтттарын аныктап тактап чыгуу жагы айылдык Кеңешинин алдында түзүлгөн туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Ноокат райондук Кеңешинен суралсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Округунун жер адиси И. Калмурзаевке тапшырылсын.
Он Эки Бел айылдык кеңешинин төрагасы
|
М. Мойдунов
|