Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 23-апрел № XV-1
Бел айылдык кеңешинин 2010-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы 2010-2011-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрүнүн божомолун бекитүү жөнүндө
Айыл округунун 2010-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары 2011-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрүнүн божомолу жөнүндөгү маалыматты угуп жана талкуулап Бел айылдык кеңешинин (4-чакырылышынын) XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2010-жылдын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүн көзөмөлдөө бир топ аткарылгандыгы жана бир катар кемчилидиктерге жол берилгендиги белгиленсин.
2. Айыл чарба эгиндеринен мол түшүм алууда жана өндүрүлгөн продукциялардын сапатын жогорулатуу, эгиндерди которуштуруп айдоо, жер аянттарын кошумча азыктандыруу, өз мөөнөтүндө сугат суу менен камсыздоо боюнча зарыл чарбаларды коруу, чарбалык субъектилердин жер адисинин, айыл башчылардын, суудан пайдалануучулардын бирикмесинин кызматкерлеринин негизги милдети болуп эсептелет.
3. Айыл округунун аймагында кооператив түзүүнү колго алуу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп айылдарда 3 төн кем эмес кооператив түзүүнү колго алуу жер адиси К. Тагаевге, айыл башчылар А. Маматалиев Жана А. Пуркановго тапшырылсын.
4. Мал чарбачылыгын асылдуулугун артыруу максатында ветеринардык тейлөөнүн абалын жакшыртуу, малды түрдүү ооруларына каршы керектүү ваксиналар менен камсыздоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү вет. кызматкери А. Сулаймановго жүктөлсүн.
5. Калкты медициналык жактан тейлөөнүн сапатын жогорулатуу менен калк арасында жугуштуу оорулардын алдын алуу энелердин жана ымыркайлардын набыт болушуна жол бербөө аз кандуулук боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү №19, 22 үй-булөөлүк дарыгерлер тобунун жетекчилеринин негизги милдеттери болуп эсептелет.
6. Калктын колдоого муктаж болгон катмарын тынымсыз көзөмөл жүргүзүлүп жөлөк пулдарын өз убагында берилишине көңүлдун борборун буруу айыл башчыларга, соц кызматкерине жүктөлсүн.
7. Айылдар арасында коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу, диний экстремизмге каршы күрөш жүргүзүү, коомдук уюмдар менен биргеликте иш алып баруу милициянын участкалык инспекторуна жүктөлсүн.
8. Аткарылган иштердин жыйынтыктары боюнча ар бир чейрек сайын маалымат берип туруу жагы айыл башчыларына, башкы дарыгерлерине тапшырылсын.
9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Бел айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Минбаев |