Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 23-апрели № XV-2
Бел айылдык кеңешинин 2010-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2011-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө
Бел айылдык кеңешинин 2010-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2011-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө маселени Кыргыз Республикасынын 2011-жылга «Республиканын бюджети жөнүндөгү мыйзамынын негизинде Бел айылдык кеңешинин 2011-жылдын иштелип чыгылган бюджетинин долбоорун айылдык кеңештин айыл чарбасы, бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан киргизилген түзөтүүлөрдүн негизинде Депутаттардын Бел айылдык кеңешинин (4-чакырылышынын) XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2011-жыл үчүн Бел айылдык кеңешинин кирешелери жана чыгашалары 10321,0 миң сом эсебинде бекитилсин(тиркеме тиркелет).
2. Бел айылдык кеңешинин чыгаша бөлүгү 2011-жылга түшкөн кирешелердин жана чыгашалардын чегинде ошону менен биринчи кезекте негизги статьяларга (эмгек акы, соц казынага чегерүү, тамак-аш жана социалдык женилдиктерге) каржылоосу бекитилсин.
3. Бел айылдык кеңешинин 2010-жылдын бюджетинин киреше бөлүгү 13685 ,6 миң сом план болсо, 13670,8 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин (тиркеме тиркелет).
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Бел айылдык кеңешинин бюджет жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Бел айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Минбаев |