Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 23-апрели № XV-5
Бел айылынын жайыт маселеси жөнүндө
Бел жайыт комитетинин жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жалпы чогулушунун протоколун угуп жана талкуулап чыгып, Бел айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел жайыт комитетинин 2011-жылга карата түзүлгөн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча долбоору жактырылсын жана бекитилсин.
2. Бел айыл округундагы жайыт жерлери Бел жайыт комитетине убактылуу пайдалануу үчүн келишимдин негизинде акт аркылуу өткөрүп берүү айыл округдун жер адиси К. Тагаевге тапшырылсын.
3. Жайыт пайдалануучудардын жайыт жерлерин пайдаланууда жайыт мыйзамын бузгандыгы үчүн түрүнө жараша мыйзам чегинде жазаны салуу каралсын.
4. Ушул чечимдмн тура жана так аткарылышы боюнча иш алып баруу жагы Бел жайыт комитетинин төрагасы М. Муратовго милдеттендирилсин.
5. Бел жайыт комитетинин 2011-жыл учун иштелип чыккан инвестициялык планы бекитилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бел айыл округунун башчысы К. Атакановага тапшырылсын.
Бел айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Минбаев.
|