Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 23-апрели № XV-6
Бел айыл округунун аймагындагы жайыттарды мал баккандарга акы төлөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын укуктук нормативдик актылары жөнүндө» мыйзамынын 8-беренесинин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» мыйзамынын 4-беренесине ылайык Ноокат районундагы Бел айылдык округунун аймагындагы жайыттарды эффективдүү жана рационалдуу пайдаланууну башкаруу жана камсыз кылуу максатында 2011-жылдын 23-апрелиндеги №15-06 айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел айылдык округунун жайыт участкаларынын башкаруу ыйгарым укугу жаңыдан уюштурулган жайыт пайдалануучулар бирикмесине бекитилип берилсин.
2. Бел айылдык округунун жайыт участкаларынын башкаруу ыйгарым укугу жаңыдан уюштурулган жайыт пайдалануучулар бирикмесине сунуштаган 2011-жылдын «_1__» марттан баштап, жайыт пайдалангандыгы үчүн акы төлөмдөрү төмөндөгү өлчөмдө бекитилсин. (жайыт пайдалануучулар бирикмесинин киреше жана чыгашалары сметасынын тиркемеси тиркелет).
А) Бел айылдык округунун аймагында жашоочу тургундардын малдары үчүн
Бир баш чоң Бодо малга 80 сом.
Бир баш жаш Бодо малга 56 сом.
Бир баш койго 25 сом.
Бир баш эчкиге 50 сом.
Бир баш жылкыга 80 сом
Б) Бел айыл округунун аймагына сырттан келген малдар үчүн
Бир баш чон Бодо малга 100 сом.
Бир баш жаш Бодо малга 65 сом.
Бир баш койго 50 сом.
Бир баш эчкиге 70 сом.
Бир баш жылкыга 100 сом.
3. Бел жайыт комитетине пайдаланылган жайыттардан жыйналган жер салыгынан түшкөн каражаттарды жергиликтүү бюджетке которуу жагы милдеттендирилсин.
4. Жайыттарды башка максатта пайдалануу ыйгарым укугу жаныдан уюштурулган жайыт пайдалануучулар бирикмесине сунуштаган 2011-жылдын «_1__»марттан баштап, жайыт пайдалангандыгы үчүн акы төлөмдөрү төмөндөгү өлчөмдө бекитилсин.
Бал аарычылык боюнча пайдаланылгандыгы үчүн 1 ящик бал ары учун 50 сом
Шагал корьери максатында пайдаланылгандыгы үчүн 1 айда 1000 сом
Топурак корьери максатында пайдаланылгандыгы үчүн 10х10х2=1000 сом
Кум карьери максатында пайдаланылгандыгы үчүн 1 айда 1000 сом
Картошка эгуу максатында пайдаланылгандыгы үчүн 1 сотых 90 сом
Чөп орунду максатында пайдаланылгандыгы 1 сотых 0,27 сом
5. Жайыт комитетинин типтүү түзүмү, штаттык саны 3 адамдан бекитилсин жана ЖПБнын төрагасынын, ЖПБнын эсепчиси, ЖПБнын инспекторунун айлык эмгек акылары 2011-жылдын «__1___»_марттан_ төлөнүп берилсин (тиркеме тиркелет).
6. Ушул токтом официалдуу жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бел айылдык жайыт комитетинин төрагасы М. Муратовго жүктөлсүн.
Бел айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Минбаев |