Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 23-апрели № XV-7
Бел айыл округунун үрөөнчүлүк кооперативин уюштуруу жөнүндө
Бел айыл округунун кайра бөлүштүрүү фондуна тиешелүү болгон Кыркол участкасындагы 150 га кайрак айдоо жерлер көп жылдан бери округдун дыйкандары тарабынан пайдаланылбай райондун башка жактын адамдары пайдаланып, айыл округунун бюджетине жакшы киреше алып келбей жатат.
Жогоруда көрсөтүлгөн жерлерди өндүрүмдүү пайдаланууну жакшыртып, айыл округунун казынасына түшүүчү пайданы көбөйтүү жана өзүбүздүн дыйкандардын ишине көмөк көрсөтүү максатында дыйкан фермерлердин суроо-талабына ылайык Кыркол участкасындагы жерлерди өзүбүздүн дыйкандарга кайтарып алып үрөн өндүрүүчү кооператив уюштуруу зарылдыгы келип чыккандыгын белгилеп айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел айыл округуна тиешелүү болгон Кыркол участкасындагы жерлерди ижарага берүү келишимдерин үстүбүздөгү жылдын 1- октябрынан жокко чыгарылсын.
2. Бел айыл округуна тиешелүү болгон Кыркол участкасындагы жерлердин базасында үрөөнчүлүк кооперативи уюштурулсун.
3. Бел айыл округунун жерлерин пайдаланып жүргөн райондун башка айыл округунун адамдары 2011-жылдын 1-октябрына чейин эккен эгиндерин жыйнап айыл округу менен түзгөн келишимдин негизинде эсептешишсин.
4. Депутаттардын райондук кеңешинен жана мамлекеттик администрациясынын жетекчилеринен Бел айыл округуна тиешелүү болгон Кыркол участкасындагы жерлерди кайтарып берүүгө, түзүлгөн кооперативди каттоодон өткөрүүгө жана материалдык-техникалык жактан камсыздоого көмөк көрсөтүү суралсын.
5. Ушул токтомду аткаруу айыл округунун башчысы К. Атакановага, жер комиссиясынын төрагасы А. Каратаевге, айылдык кеңештин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А. Мойдуновго тапшырылсын.
Бел айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Минбаев |