Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 8-сентябры №1
Шарк айылдык кенешинин регламентине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” №101 мыйзамына ылайык жана Депутаттардын Кара-Суу райондук Кенешинин 2011-жылыдын 11-августундагы № 01/12-115 сандуу катын аткаруу максатында жана Шарк айылдык Кенешинин (мыйзамдуулук) туруктуу комиссиясында каралгандыгын эске алып, күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап депутаттардын Шарк айылдык кеңеши
ТОКТО М КЫЛАТ:
1. Шарк айылдык кеңешинин регламентине төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Регламенттин текстинде жазылган Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик администрация жөнүндө” Мыйзамы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамы деп өзгөртүлүп жазылсын.
2. Шарк айылдык кенешинин регламенти төмөндөгүдөй толукталсын:
1) 2-главага:
- алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуунун, ырым-жырымдарды өткөрүүгө тыюу салганга чейинки чектөөлөрүн аныктоо; - ирригациялык тармактарды, үйдөгү жана үй жанындагы участкаларды күтүүнүн тартибин аныктоо;
2) регламент 3.1. главасы менен тиркемеге ылайык толукталсын.
3. Шарк айылдык кеңешинин жооптуу катчысына (Э.Машрапов) Шарк айылдык кеңешинин регламентин киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен иретке келтирүү жана бул регламентти Юстиция министрлигинин мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош облустук юстиция башкармалыгына берүү жагы жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Шарк айылдык кеңештин тийиштүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шарк айылдык кенешинин төрагасы |
А.Маруфий |
| 2011-жылдын 8-сентябрындагы Шарк айылдык кеңешинин 24-сессиясынын № 1 токтомуна тиркеме |
3-1.1. Айыл өкмөтүнүн башчысы айылдык кенешинин депутаттары,
депутаты тарабынан көрсөтүлүүчү, ошондой эле райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими тарабынан сунушталуучу талапкерлердин ичинен жашыруун добуш берүү жолу менен айылдык кенештин чакырылыш мөөнөтүнө айылдык кенешинин депутаттары тарабынан шайланат.
3-1.2. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо, эгерде айылдык кенештин
депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмеси катышса болуп өттү деп эсептелет. Айылдык кенештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп эсептелет.
3-1.3. Айылдык округдун башчысына талапкерлерди сунуштаган
айылдык кенештин депутаттары же депутаты шайлоо күнүнө чейин 5 жумушчу күндөн кечиктирбей аймактык шайлоо комиссиясына төмөндөгү документтерди сунуштайт:
1) айыл өкмөтүнүн башчылыгына талапкерди көрсөтүү жөнүндөгү айылдык кенештин чечими
2) талапкердин айылдык округдун башчысы кызматына шайлоого
катышууга макулдук арызы
3) талапкердин өмүр баяны
4) адистерди каттоого алуу боюнча сүрөтү жабыштырылган өздүк
баракчасы (личный листок по учету кадров)
5) нотариалдык күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинен көчүрмөсү
6) ноториалдык күбөлөндүрүлгөн жогорку билими жөнүндөгү дипломдун көчүрмөсү.
7) резюме (справка-обөективка)
Шарк айылдык кеңешинин жооптуу катчысы |
Э.Машрапов |