Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 30-июну № 20/4-1
Жаны-Турмуш айылынын тургуну Аднаев Патанын арызы жөнүндө
Жошолу айылдык округуна караштуу Жаңы-Турмуш айылына маркум, мурунку коомдук ишмер Аднаев Мажинин атын берүү жөнүндө Аднаев Патанын жана Жаңы-Турмуш элинин элдик жыйынын протоколун карап, талкуулап Жошолу айылдык Кенешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде Аднаев Патанын арызы жана Жаны-Турмуш айылынын элдик жыйынынын чечими канаттандырууга негизсиз болуп калтырылсын.
2. Жердин атын адамга ыйгаруу жөнүндө тыюу салу боюнча чыккан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизи элдик жыйындарга калкка жеткирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жошолу айылдык округунун башчысына жана айылдык Кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жошолу айылдык Кеңешинин төрагасы |
К.Алдашев |