Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 30-июну № 20/4-2
Жошолу айылдык округуна караштуу Сатиев Ш. атындагы орто мектебинин директорунун билдирүүсүнүн негизинде
Жошолу айылдык Кенешинин IV чакырылышынын XX заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын ОКМнин мониторинг жүргүзүү божомолдоо департаментинин № 03-04/178 10.05.2011-жылдагы катына ылайык Кыргыз НИИПССС тин адистери тарабынан изилденип жыйынтыкталган инженердик техникалык (шифр 7/11) отчётунун негизинде айылдык округка караштуу Ш.Сатиев атындагы орто мектебинин 1-корпусу жана 3-корпусу авариялык абалда болгондугуна байланыштуу бул окуу корпустарында 2011-2012-окуу процесси жүргүзүлбөсүн.
2. Аталган орто мектепте 2011-2012-жаңы окуу жылында окуу процессинин абалын чечип берүү Жошолу айылдык округунун башчысына жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысына билдирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ш.Сатиев атындагы орто мектебинин директору Э.Жусупбаевага жана айылдык округдун башчысы К.Торошевге милдеттендирилсин.
Жошолу айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Алдашев |