Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 30-июну № 20/4-3
Жошолу айылдык округунун Талды-Булак участкасында мурун катталган коркунучтуу, жугуштуу деп аталган Сибирь жарасы оорусунун аталган аймакта оорчуп кетпешине чара көрүү жана анын алдын алуу максатында ошондой эле Алай райондук мамлекеттик санитардык Эпидемиологиялык көзөмөлдө борборунун 2011-жылдын 6-июндагы №01-4-103 көрсөтмө катынын негизинде Жошолу айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык округдун Талды-Булак участкасында коркунучтуу, жугуштуу деп аталган Сибирь жарасы катталган аймак корукка алынсын, эл арасында, жаныбарлар арасында бул илдетке чалдыкпоо жана алдын алуу максатында аталган аймака жайлоого көчүрүүгө, эгин эгүүгө, жайыт катары пайдаланууга тыюу салынсын.
2. Сибирь жарасынын огородун оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн айыл округдун бюджетинин эсебинен жетишээрлик түрдө акча каражатын бөлдүрүп, оңдоо иштерин жылына эки жолу жүргүзүлсүн жана зыянсыздандырылсын.
3. Жугуштуу оорунун өзгөчө маанилери, себептери жана зыяндуулугу жөнүндө аймактагы жашаган эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү аймактык ветеринария, медицина адистерине милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышы айылдык округдун ФЭБ башчысына, бардык айыл башчыларга жана айылдык Кеңештин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн. Көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
Жошолу айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Алдашев |