Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 30-июну № 20/4-4
Айылдык округдун аймагында каада-салттарды, ырым-жырымдарды, урп-адаттарды жана майрамдык салтанаттарды тартипке келтируу жөнүндөгү
Алай райондук Кенешинин 15.04.2011-жылдагы № 78 каты жөнүндө
Жошолу айылдык округунун Кеңешинин социалдык, маданий, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар, коомдук уюмдар, диний бирикмелер менен иштөө боюнча туруктуу комиссиянын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жошолу айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айылдык округунун калкынын «Айыл округдун аймагында каада-салттарды, ырым-жырымдарды, урп-адаттарды жана майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү жөнүндөгү» Жобо жактырылсын. (Жобо тиркелет).
2. Айыл округдун аймагындагы бардык айылдарда бул жобонун талаптарын аткаруу, анын натыйжалуугуна жетишүү тиешелүү аппарат кызматкерлерине, айылдык Кеңештин депутаттарына, аксакалдар, аялдар, жаштар комитеттерине жана дин кызматкерлерине милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду аткаруу айыл округдун бардык элинин, коомчулуктун, аппарат кызматкерлеринин, айылдык Кеңештин депутаттарынын, бардык мекеме жетекчилеринин милдеттери экендиги белгиленсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин социалдык, маданий, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар, коомдук уюмдар, диний бирикмелер менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жошолу айылдык кенешинин төрагасы |
К.Алдашев
|