Загрузка документа…
САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 11-апрели № 33/2
Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 5-сентябрындагы № 215 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү» мыйзамына ылайык Сары-Колот айыл округунун 2010-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2011-жылга бюджетин бекитип берүү жөнүндө.
«Сары-Колот айылдык Кеңешинин экинчи чакырылышынын кезектеги сессиясынын заседаниесин Кыргыз Республикасыныны 2003-жылдын 25-сентябрындагы № 215 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү» мыйзамына ылайык Сары-Колот айыл округунун 2010-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2011-жылга бюджетин бекитүү жөнүндөгү маселени карап талкуулап, бул маселе боюнча депутаттардын Сары-Колот айылдык Кеңешинин социалдык –экономика инфраструктура, бюджет, салык, курулуш, транспорт жана коммуникация маселелери боюнча туруктуу комиссисынын берген корутундусун эске алып депутаттардын Сары-Колот айылдык Кеёеши
Токтом кылат:
1. Сары-Колот айылдык округунун 2010-жылдагы бюджети киреше бөлүгү боюнча 14382,8 миң сомго, чыгаша бөлүгү - 14390,9 миң сомго аткарылгандыгы бекитилсин.
2. Айыл округунун 2011-жылга карата түзүлгөн бюджетинин киреше бөлүгү контингенттерге жана нормативдерге ылайык – 12240, 2 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Сары-Колот айылдык округунун 2011-жылга түзүлгөн чыгымдар сметасы бардык статьялар боюнча – 12240,2 миң сомго бекитилсин.
4. 2011-жылдын 1-январына карата Сары-Колот айылдык округунун бюджети боюнча кассада жүгүртүлүүчү нак акча 10,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
5. Аппарат кызматкрелерине жалпы штаттык бирдиги -28, анын ичинен айыл башчылары -5, техникалык тейлъъ кызматкерлеринин саны- 4, штаттык бирдик эсебинде бекитилсин.
6. Сары-Колот айылдык округуна 2011-жыл ичинде жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду жүргүзүүгө уруксат берилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Сары-Колот айылдык Кеңешинин экономика, бюджет, укук жана этика маселелери боюнча туруктуу комисссиясына тапшырылсын.
Депутаттардын Сары-Колот айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Адиев
|