Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Отуз-Адыр айылдык кеңешинин 3- чакырылыштагы ХХХI сессиясы
2011-жылдын 6-апрели №2
Отуз-Адыр айылдык округунун социалдык – экономикалык өнүгүүсүнүн 2010-жылы аткарылышы жана 2011-жылга карата экономикалык өнүгүү божомолу жөнүндө
токтом кылат:
1. Отуз-Адыр айылдык округунун социалдык – экономикалык өнүгүүсүнүн 2010-жылы аткарылышы жана 2011-жылга карата экономикалык өнүгүү божомолу бекитилсин.
2. Отуз –Адыр айыл өкмөтүнүн 2009- жылдагы бюджеттин киреше бөлүгү 21859,3 миң сомго чыгаша бөлүгү 22514,9 миң сомго бекитилсин.
3. 2011-жылга карата Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн аймагындагы, ишканалар мекеме уюмдардан түшүүчү киреше менчик түрүнө карабастан жергиликтүү бюджетке төмөнкүдөй өлчөмдө бекитилсин.
А) Салык кирешесинин жалпы суммасы – 2932,3 миң сом
Б) Салык эмес кирешелер аренда акы - 1161,0 миң сом
В) Категориялык грант -11861,1 миң сом
Г) Тендоочу грант - 2577,4 миң сом
Жыйынтыгы - 18531,8 миң сом
Д) Атайын каражат балдар бакчасына - 350,0 миң сом
Бардыгы: 18881,8 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Чыгашалар боюнча төмөндөгүдөй негизде штат түзүлсүн.
Башкаруу аппаратындагы адистерге – 31 штат бирдиги
Техникалык кызматкерлерге – 3 штат бирдиги
Кенже кызматкерлерге- 3 штат бирдиги
Бардыгы – 37 штат бирдиги.
Эмгек акы фонду 2133,5 миң сом
Маданият тармагы боюнча:
Китепкана башчысы-1 штат бирдиги
Маданият үйүнүн директору – 1 штат бирдиги
Кенже кызматкерлерге - 2 штат бирдиги
Бардыгы- 4 штат бирдиги
Эмгек акы фонду – 106,0 миң сом бекитилсин.
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн 2011-жылга бюджети чыгашалар боюнча – 18531,8 миң сомго бекитилсин.
Атайын каражат – 350,0 миң сомго бекитилсин.
Бардыгы – 18881,8 миң сомго бекитилсин.
Чыгашаларды каржылоодо биринчи кезекте эмгек акы фонду, соц. фондко төлөөлөр жана башка коргоого алынган статьялар.(дары-дармек, тамак – аш жеңилдиктери) каржылансын.
Отуз-Адыр айыл өкмөтүндө 2010-жылы жергиликтүү бюджеттин чыгашаларынын айрым бөлүктөрүнүн каржыланбай калган чыгымдары 2011- жылдын бюджетинин эсебинен жана анын чегинде жүргүзүү жагы сунуш кылынсын.
Балдар бакчасына ата-энелерден төгүлүүчү атайын төлөө акы 141,8 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.Чыгаша бөлүмүнүн жалпы суммасы 141,8 миң сомго бекитилсин.
5.Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2011-жылга аткарылышын ар квартал сайын жыйынтыктап, айылдык кеңештин сессияларында, туруктуу комиссиянын кеңешмесинде угуп туруу жагы айылдык кеңештин төрайымына (төрагасына) милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга тапшырылсын.
II. 2011-жылдын жазгы талаа иштери өз мөөнөтүндө сапаттуу жүргүзүлгөндүгү белгиленсин жана оруп жыйуу мезгилинде башка жактан келген трактор, комбайндар Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн уруксаты менен иштетилсин.
III. Отуз-Адыр айыл өкмөтүндөгү калктуу конуштардын арасында бош жаткан жерлерден үй салууга чектер берилсин, башкача айтканда өзүнүн уулуна же кызына үйүнүн айланасындагы ашыкча бош жаткан жерден чек бөлүнүп берилсин.
IV. Отуз-Адыр айыл өкмөтүндөгү Кыш-Абад айылынын Кара-Суу көчөсүнө көп жылдар бою мугалим болуп эмгектенген маркум Муратов Мансур агайдын ысмы коюлсун. Ошол көчөнүн тазалыгына, көрктөндүрүлүүсүнө көз салуу агайдын балдарына милдеттендирилсин.
Депутаттардын Отуз-Адыр айылдык кеңешинин төрайымы |
Кадырова Ж.
|