Загрузка документа…
КР 2009-жылдын 29-декабрындагы № 318 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаары, 1998-жылдын 5-марты N 15
Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик пособиелер жөнүндө
(КР 2001-жылдын 30-апрелиндеги N 36 Мыйзамынын, 2002-жылдын 12-январындагы N 4 Мыйзамынын, 2002-жылдын 16-октябрындагы N 144 Мыйзамынын, 2004-жылдын 1-июлундагы N 81 Мыйзамынын, 2005-жылдын 13-августундагы N 148 Мыйзамынын, 2006-жылдын 27-июлундагы N 133 Мыйзамынын, 2008-жылдын 25-апрелиндеги N 70 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам аз камсыз үй-бүлөлөргө жана граждандарга, ошондой эле пенсиялык камсыздоого укугу жок эмгекке жарамсыз граждандарга Кыргыз Республикасынын Конституциясы тарабынан гарантияланган материалдык жактан колдоо көрсөтүүнү белгилейт.
Ушул Мыйзамда каралган мамлекеттик жардам республиканын калкынын эң аз камсыз болгон катмарларын даректүү социалдык коргоого багытталат.
I глава Жалпы жоболор
1-статья. Мамлекеттик пособиелер жөнүндө мыйзамдар
Мамлекеттик пособиелер жөнүндөгү мыйзамдар ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын ага ылайык кабыл алынган башка ченемдик укуктук актыларынан турат.
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында мамлекеттик пособиелерди дайындоо жана төлөп берүү маселелерин жөнгө салуучу негизги ченемдик укуктук акт болуп эсептелет.
Мамлекеттик пособиелерди дайындоо жана төлөп берүү маселелерин башка мыйзамдарга киргизүүгө тыюу салынат.
2-статья. Ушул Мыйзамдын колдонулуучу чөйрөсү
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган, үй-бүлөсү муктаж шарттагы Кыргыз Республикасынын граждандарына, ошондой эле "Мамлекеттик социалдык пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсиялык камсыздоого укугу жок эмгекке жарамсыз граждандарга карата колдонулат.
3-статья. Мыйзамда пайдаланылуучу түшүнүктөр
Мамлекеттик пособие - аз камсыз үй-бүлөлөргө жана граждандарга ай сайын берилүүчү бирдиктүү пособие жана ай сайын берилүүчү социалдык пособие.
Эмгекке жарамсыз граждандар - он алты жашка чыга элек балдар, медициналык-социалдык эксперттик комиссиялар (МСЭК) тарабынан эмгекке жарамсыз деп табылган граждандар, пенсия курагына жеткен граждандар.
Жыйынды киреше - отчеттук мезгил ичинде үй-бүлө мүчөлөрүнүн өндүрүштүк иштен алган кирешелери, менчигинен жана күндөлүк трансферттерден (пенсиялар, стипендиялар, пособиелер, материалдык жардам жана башка компенсациялык төлөөлөр) алган кирешелер түрүндөгү каражаттарынын суммасы.
Жан башына туура келүүчү орточо жыйынды киреше - бир айга же бир жылга үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө эсептелген үй-бүлөнүн жыйынды кирешеси.
Аз камсыз үй-бүлө - ар бир үй-бүлө мүчөсүнө карата алган кирешеси керектөөнүн гарантияланган эң төмөнкү деңгээлинен аз болгон үй-бүлө.
Муктаждыкты аныктоо - ай сайын берилүүчү бирдиктүү пособиени дайындоо үчүн зарыл болгон, үй-бүлөнүн кирешесинин бардык булактарын изилдөө.
Ай - календарлык ай.
Жыл - 12 айлык мезгил.
Үй-бүлөнүн курамы - үй-бүлө курамына туугандык мамилелери жагынан байланышкан, чогуу чарба жүргүзүшкөн жана жалпы бюджетке ээ болгон адамдар киргизилет.
(КР 2002-жылдын 12-январындагы N 4 Мыйзамынын, 2002-жылдын 16-октябрындагы N 144 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)
4-статья. Керектөөнүн гарантияланган эң төмөнкү деңгээли
Керектөөнүн гарантияланган эң төмөнкү деңгээли - бул Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жыл сайын белгиленүүчү, эң төмөнкү керектөө бюджетин эске алуу менен бюджетке жана экономиканын абалына жараша эсептелүүчү, дотация аркылуу аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жана граждандардын жашоо үчүн зарыл болгон деңгээлин камсыздоого мүмкүндүк берүүчү социалдык стандарт.
Керектөөнүн гарантияланган эң төмөнкү деңгээлинин өлчөмүн жыл сайын кайра кароодо ал бара-бара эң төмөнкү керектөө бюджетинин жылдык орточо өлчөмүнө жакындоого тийиш.
Керектөөнүн гарантияланган эң төмөнкү деңгээлине чейин граждандарга дотация берүүнүн өлчөмү белгиленген социалдык стандарт менен жан башына туура келүүчү орточо жыйынды кирешенин ортосундагы айырма катары аныкталат.
(КР 2002-жылдын 12-январындагы N 4 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-статья. Мамлекеттик пособиелердин түрлөрү
Ушул Мыйзамда мамлекеттик пособиелердин төмөнкүдөй түрлөрү белгиленет:
1. Аз камсыз үй-бүлөлөргө жана граждандарга ай сайын берилүүчү бирдиктүү пособие.
2. Ай сайын берилүүчү социалдык пособие.
6-статья. Мамлекеттик пособиелерди каржылоо
Ушул Мыйзамда каралган мамлекеттик пособиелерди каржылоо, республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен жүргүзүлөт.
II глава Аз камсыз үй-бүлөлөргө жана граждандарга ай сайын берилүүчү бирдиктүү пособие
7-статья. Ай сайын берилүүчү бирдиктүү пособие алууга укуктуу адамдар
Ай сайын берилүүчү бирдиктүү пособие алууга аз камсыз үй-бүлөлөр жана төмөнкү граждандар:
а) жашы он алтыга жете элек балдар (жалпы билим берүүчү мекемелердин окуучулары-окуусун бүткөнгө чейин;
б) жыйырма бир жашка чейинки баштапкы кесипчилик окуу жайларынын окуучулары, орто жана жогорку кесипчилик окуу жайларынын студенттери (сырттан, кечки бөлүмдө же контракт боюнча окугандардан бөлөктөр);
в) (КР 2002-жылдын 12-январындагы N 4 Мыйзамына ылайык алынып салынган)
г) эмгекке жарамсыз граждандар укуктуу.
Эмгекке жарамдуу ата-энеси (майыптарды баккан атадан же энеден бөлөк) иштебеген жана калкты ишке орноштуруу кызмат органдарында белгиленген тартипте катталбаган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр бирдиктүү ай сайын берилүүчү пособиеге укугу жок. Толук мамлекеттик камсыздоодо турган эмгекке жарамсыз граждандарга бирдиктүү ай сайын берилүүчү пособие дайындалбайт.
(КР 2002-жылдын 12-январындагы N 4 Мыйзамынын, 2006-жылдын 27-июлундагы N 133 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)
8-статья. Аз камсыз үй-бүлөлөргө жана граждандарга ай сайын берилүүчү бирдиктүү пособиенин өлчөмү
Аз камсыз үй-бүлөлөргө жана граждандарга ай сайын берилүүчү бирдиктүү пособие, үй-бүлөнүн жан башына туура келүүчү орточо жыйынды кирешеси, үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө карата алганда керектөөнүн гарантияланган эң төмөнкү деңгээлинен ашпаган шартта дайындалат.
Ай сайын берилүүчү бирдиктүү пособие, төмөнкүдөй өлчөмдөрдө:
а) он алты жашка чейинки балдарга (жалпы билим берүүчү мекемелердин окуучулары - окуусун бүткөнгө чейин) - керектөөнүн гарантияланган эң төмөнкү деңгээли менен үй-бүлөнүн жан башына туура келүүчү орточо жыйынды кирешесинин ортосундагы айырмасындагы өлчөмдө пособие;
- бала төрөлгөндө - керектөөнүн гарантияланган эң төмөнкү деңгээлинин 300% өлчөмүндө бир жолку берилүүчү пособие;
- эгиздерге - үч жашка чыкканга чейин ар бирине керектөөнүн гарантияланган эң төмөнкү деңгээлинин 100 процент өлчөмүндө пособие;
- үч жана андан көп эмге - ар бири он алты жашка жеткенге чейин керектөөнүн гарантияланган эң төмөнкү деңгээлинин 150% өлчөмүндө пособие;
- 1,5 жашка чейинки балдарга - керектөөнүн гарантияланган эң төмөнкү деңгээлинин 100 процентинин өлчөмүндө пособие;
б) жыйырма бир жашка чейинки баштапкы кесипчилик окуу жайларынын окуучуларына, орто жана жогорку кесипчилик окуу жайларынын студенттерине - керектөөнүн гарантияланган эң төмөнкү деңгээли менен үй-бүлөнүн жан башына туура келүүчү жыйынды кирешесинин айырмасынын өлчөмүндө пособие;
в) иштебеген пенсионерлерге - керектөөнүн гарантияланган эң төмөнкү деңгээли менен үй-бүлөнүн жан башына туура келүүчү орточо жыйынды кирешесинин айырмасынын өлчөмүндө пособие;
г) эмгекке жарамсыз граждандарга - керектөөнүн гарантияланган эң төмөнкү деңгээли менен үй-бүлөнүн жан башына туура келүүчү орточо жыйынды кирешесинин айырмасынын өлчөмүндө пособие дайындалат.
Ай сайын берилүүчү бирдиктүү пособие(бала төрөлгөндөгү бир жолу берилүүчү пособиеден бөлөк), бирдиктүү ай сайын пособие алууга укуктуу үй-бүлө мүчөлөрүнүн бардыгын эсепке алуу менен үй-бүлөгө жалпы өлчөмдө дайындалат.
Үй-бүлөлүк бюджети бөлөк бир канча үй-бүлө чогуу жашаган учурда, ай сайын берилүүчү бирдиктүү пособие ар бир үй-бүлөгө өзүнчө дайындалат.
(КР 2002-жылдын 12-январындагы N 4 Мыйзамынын, 2008-жылдын 25-апрелиндеги N 70 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)
9-статья. Үй-бүлөнүн жыйынды кирешесин аныктоодо эсепке алынуучу кирешелер
Үй-бүлөнүн жыйынды кирешесинин курамына кирешелердин төмөнкүдөй түрлөрү:
- граждандардын негизги иштеген жери, кызматы (аскер кызматчылары) жана окуган жери боюнча эмгек акы жана стипендия түрүндөгү кирешелери, ошондой эле пенсиялар;
- граждандардын негизги иштеген жери, кызматы (аскер кызматчылары) боюнча эмес кирешелери;
- граждандардын экономикалык (ишкердик) ишин жүзөгө ашыруудан алынган кирешелери;
- граждандардын, фермердик, дыйкан чарбаларынын жана башка айыл чарба бирикмелеринин жана уюмдарынын мүчөлөрүнүн жер участокторун пайдалануудан алган кирешелери;
- граждандардын өздүк көмөкчү чарбасынан алган кирешелери кирет.
Аз камсыз үй-бүлөлөргө жана жарандарга ай сайын берилүүчү бирдиктүү пособие дайындоо үчүн жыйынды кирешени аныктоонун тартиби жана айыл чарба ишинен алынуучу кирешелердин ченемдиктери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилет.
(КР 2006-жылдын 27-июлундагы N 133 Мыйзамынын, 2008-жылдын 25-апрелиндеги N 70 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)
III глава Ай сайын берилүүчү социалдык пособие
10-статья. Ай сайын берилүүчү социалдык пособие алууга укуктуу адамдар
Ай сайын берилүүчү социалдык пособие алууга:
а) он сегиз жашка чейинки, балдардын церебралдык шал ооруусу менен ооруган, ВИЧ-инфекциясына чалдыккан же СПИД менен ооруган майып-балдар;
б) I, II, III топтогу бала кезинен майыптар;
в) пенсия алууга укугу жок - I, II, III топтогу майыптар;
г) пенсия алууга укугу жок - кары-картаң граждандар;
д) пенсия алууга укугу жок - баатыр энелер;
е) пенсиялык камсыздоого укугу жок - багуучусунан ажыраган балдар укуктуу болушат;
ж) ВИЧ/СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга - алар төрөлгөндөн тартып он сегиз айга чейин.
Ай сайын берилүүчү социалдык пособие үй-бүлөнүн жан башына туура келүүчү орточо жыйынды кирешесине карабастан дайындалат.
Ушул главада каралган ай сайын берилүүчү социалдык пособиелердин бир канча түрүн(багуучусунан ажыраган учурда майыптарга социалдык пособиеден бөлөк) алууга укуктуу болгон учурда, ай сайын берилүүчү социалдык пособиелердин ар кандай түрлөрүн алууга укуктуу адамдын каалоосу боюнча анын бири гана дайындалат.
(КР 2002-жылдын 12-январындагы N 4 Мыйзамынын, 2005-жылдын 13-августундагы N 148 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)
11-статья. Майып балдарга, алар он сегиз жашка чыкканга чейин ай сайын берилүүчү социалдык пособиенин өлчөмү
Майып балдарга, алар он сегиз жашка чыкканга чейин ай сайын берилүүчү социалдык пособие, МСЭКтин маалымат каты бар болсо, төмөнкүдөй өлчөмдөрдө:
а) балдардын церебралдык шал ооруусу менен ооруган майып балдарга - керектөөнүн гарантияланган эң төмөнкү деңгээлинин 300 проценти өлчөмүндө;
б) майып балдарга - керектөөнүн гарантияланган эң төмөнкү деңгээлинин 225 проценти өлчөмүндө;
в) ВИЧ - инфекциясына чалдыккан же СПИД менен ооруган балдарга - керектөөнүн гарантияланган эң төмөнкү деңгээлинин 225 проценти өлчөмүндө дайындалат.
Майып балдарга, алар он сегиз жашка чыкканга чейин ай сайын берилүүчү социалдык пособие алууга укук берүүчү медициналык көрсөтмөлөрдүн тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
(КР 2001-жылдын 30-апрелиндеги N 36 Мыйзамынын, 2005-жылдын 13-августундагы N 148 Мыйзамынын, 2006-жылдын 27-июлундагы N 133 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)
11-1-статья. ВИЧ/СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга ай сайын берилүүчү социалдык пособиелердин көлөмү
ВИЧ/СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга берилүүчү социалдык пособиелердин көлөмү алар он сегиз айга толгонго чейин кепилденген минималдык керектөө деңгээлинин 225 пайызы өлчөмүндө белгиленет.
(КР 2005-жылдын 13-августундагы N 148 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
12-статья. I, II, III топтогу бала кезинен майыптарга ай сайын берилүүчү социалдык пособиенин өлчөмү
Бала кезинен майыптарга ай сайын берилүүчү социалдык пособиелер төмөнкүдөй:
а) I топтогу бала кезинен майыптарга - керектөөнүн гарантияланган эң төмөнкү деңгээлинин 500 проценти;
б) II топтогу бала кезинен майыптарга - керектөөнүн гарантияланган эң төмөнкү деңгээлинин 225 проценти;
в) III топтогу бала кезинен майыптарга - керектөөнүн гарантияланган эң төмөнкү деңгээлинин 150 проценти өлчөмүндө дайындалат.
(КР 2001-жылдын 30-апрелиндеги N 36 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
13-статья. Пенсиялык камсыздоого укугу жок майыптарга ай сайын берилүүчү социалдык пособиенин өлчөмү
Пенсиялык камсыздоого укугу жок, жалпы ооруудан улам майып болгондорго, ай сайын берилүүчү социалдык пособие төмөнкүдөй:
а) I топтун майыптарына - керектөөнүн гарантияланган эң төмөнкү деңгээлинин 225 проценти;
б) II топтогу майыптарына - керектөөнүн гарантияланган эң төмөнкү деңгээлинин 150 проценти;
в) III топтогу бала кезинен майыптарга - керектөөнүн гарантияланган эң төмөнкү керектөө деңгээлинин 75 проценти өлчөмдөрүндө дайындалат.
(КР 2001-жылдын 30-апрелиндеги N 36 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
14-статья. Пенсиялык камсыздоого укугу жок кары-картаңдарга ай сайын берилүүчү социалдык пособиенин өлчөмү
Пенсиялык камсыздоого укугу жок кары-картаң граждандарга ай сайын берилүүчү социалдык пособие алар пенсия курагына жеткенде керектөөнүн гарантияланган эң төмөнкү деңгээлинин 70 проценти өлчөмүндө дайындалат:
Бийик тоолуу жерлерде жана алыскы райондордо жашагандарга ай сайын берилүүчү пособие алар пенсия курагына жеткенде керектөөнүн гарантияланган эң төмөнкү деңгээлинин 70 проценти өлчөмүндө дайындалат:
(КР 2001-жылдын 30-апрелиндеги N 36 Мыйзамынын, 2002-жылдын 12-январындагы N 4 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)
15-статья. Пенсиялык камсыздоого укугу жок баатыр-энелерге ай сайын берилүүчү социалдык пособиенин өлчөмү
Баатыр-энелерге ай сайын берилүүчү социалдык пособие алар пенсия курагына жеткенде керектөөнүн гарантияланган эң төмөнкү деңгээлинин 70 проценти өлчөмүндө дайындалат:
(КР 2001-жылдын 30-апрелиндеги N 36 Мыйзамынын, 2002-жылдын 12-январындагы N 4 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)
16-статья. Багуучусунан ажыраган, пенсиялык камсыздоого укугу жок балдарга ай сайын берилүүчү социалдык пособиенин өлчөмү
Багуучусунан ажыраган, пенсиялык камсыздоого укугу жок балдарга ай сайын берилүүчү социалдык пособие - ар бир балага керектөөнүн гарантияланган эң төмөнкү деңгээлинин 150 проценти өлчөмүндө дайындалат.
Ата-энесинин экөөнөн тең ажыраган балдарга (тоголок жетимдер) ай сайын берилүүчү социалдык пособие - ар бир балага керектөөнүн гарантияланган эң төмөнкү деңгээлинин 225 процент өлчөмүндө дайындалат.
(КР 2001-жылдын 30-апрелиндеги N 36 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
IV глава Мамлекеттик пособиелерди дайындоо жана төлөп берүү
17-статья. Мамлекеттик пособиелерди дайындоо
Мамлекеттик пособие дайындоо жөнүндө арыз граждандардын жашаган (катталган) жери боюнча социалдык коргоо органдарына берилет.
Пособие алуу үчүн кайрылган адам социалдык коргоо органдарына төмөнкүдөй зарыл документтерди:
а) инсандыгын ырастоочу документти;
б) анкета-арызды (арызды);
в) үй-бүлөсүнүн жыйынды кирешеси жөнүндө маалыматты;
г) үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалымат кат берет.
Зарыл болгон учурда мамлекеттик пособие алууга укук берүүчү кошумча документтер (балдардын туулгандыгы тууралу, нике тууралу, никени бузуу тууралу күбөлүктөрдүн көчүрмөлөрү, майыптыгы жөнүндө МСЭКтин маалымат каты, көзөмөлчүлүк, камкорчулук жөнүндөгү чечим, окуган жеринен, калкты ишке орноштуруу органдарынан маалымат каттар жана башка документтер) берилет.
Мамлекеттик пособиени төлөөнү токтотууга же анын өлчөмүн кайра кароого алып келүүчү жагдайлар болгондо, арыз берүүчү социалдык коргоонун райондук (шаардык) башкармасына 5 күндүн ичинде маалымдоого тийиш.
(КР 2002-жылдын 12-январындагы N 4 Мыйзамынын, 2002-жылдын 16-октябрындагы N 144 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)
17-1-статья. Бирдиктүү ай сайын берилүүчү пособие дайындоонун мөөнөттөрү
Бирдиктүү ай сайын берилүүчү пособие арыз берүүчү бардык зарыл документтерди берген айдын биринчи күнүнөн тартып дайындалат.
Бирдиктүү ай сайын берилүүчү пособие дайындоо жөнүндө документтер толук көлөмдө келип түшкөн учурдан тартып бир айдын ичинде каралат.
Бирдиктүү ай сайын берилүүчү пособие бир жылга дайындалат жана, ушул Мыйзамдын 20-статьясында каралган учурлардан бөлөктө, өзгөртүлүүгө тийиш эмес.
(КР 2002-жылдын 12-январындагы N 4 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
18-статья. Ай сайын берилүүчү социалдык пособиелерди дайындоо мөөнөттөрү
Ай сайын берилүүчү социалдык пособие дайындоо жөнүндө документтер толук көлөмдө келип түшкөн учурдан тартып он күндүн ичинде каралат.
Зарыл болгон документтер эки айлык мөөнөт өткөндөн кийин берилген учурда, пособие дайындоо акыркы документ келип түшкөн күндөн тартып жүргүзүлөт.
Ай сайын берилүүчү социалдык пособие:
а) он сегиз жашка чейинки майып балдарга - эгерде пособие алуу үчүн кайрылуу МСЭК маалымат кат берген күндөн алты айдан кечиктирилбей берилсе, МСЭК тарабынан маалымат кат берилген күндөн баштап, көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин кайрылуу жасалган айдан тартып алар он сегиз жашка толгонго чейин;
б) бала кезинен майыптарга, эмгек пенсиясын алууга укугу жок майыптарга - МСЭК тарабынан белгиленген майыптык мезгилге дайындалат. Эгерде ай сайын берилүүчү социалдык пособие алуу үчүн кайрылуу майыптык белгилеген күндөн тартып алты айдан кечиктирилбестен берилсе, ал майыптык ВЭЭК тарабынан белгиленген күндөн тартып, көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин кайрылган айдан тартып дайындалат;
в) кары-картаң граждандарга жана баатыр-энелерге - ай сайын берилүүчү социалдык пособие алууга кайрылуу жасалган айдын биринчи күнүнөн - өмүрү өткөнгө чейин;
г) пенсиялык камсыздоого укугу жок болсо, багуучусунан ажыраган балдарга - ай сайын берилүүчү социалдык пособие алуу укугу пайда болгон күндөн тартып, бирок ай сайын берилүүчү социалдык пособиеге кайрылуунун алдындагы он эки айдан ашпаган мезгилден - алар он алты жашка чыкканга чейин, жалпы билим берүүчү мекемелердин окуучуларына алар окуусун бүтүргөнгө чейин, баштапкы кесипчилик окуу жайларынын окуучуларына, орто жана жогорку кесипчилик окуу жайларынын студенттерине, билим алуунун күндүзгү түрүндө алар окуусун бүтүргөнгө чейин, бирок жыйырма үч жаш куракка чыккандан ашпаганга чейин дайындалат;
д) ВИЧ/СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга - туулган күнүнөн тартып, эгер пособие үчүн кайрылуу алты айдан ашык эмес убакыттын ичинде болсо, көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнчө - кайрылган айынан тартып, алар он сегиз айга толгонго чейин.
(КР 2002-жылдын 12-январындагы N 4 Мыйзамынын, 2002-жылдын 16-октябрындагы N 144 Мыйзамынын, 2005-жылдын 13-августундагы N 148 Мыйзамынын, 2008-жылдын 25-апрелиндеги N 70 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)
19-статья. Райондук коэффициенттерди эсепке алуу менен мамлекеттик пособиелерди дайындоо
Калктын эмгек акысына жана башка социалдык төлөөлөргө кошумча коэффициенттер белгиленген, бийик тоолуу жана алыскы чөлкөмдөрдө жашагандар үчүн мамлекеттик пособиелердин өлчөмү бул коэффициенттерди колдонуу менен эсептелет.
20-статья. Мамлекеттик пособиелерди кайра эсептөө
Мамлекеттик пособиелерди кайра эсептөө төмөнкүдөй учурларда:
а) үй-бүлөнүн кирешеси өзгөргөндө;
б) үй-бүлөнүн курамы өзгөргөндө;
в) майыптык тобу өзгөргөндө;
г) райондук коэффициент белгиленгенде (алынгандй) же анын өлчөмү өзгөргөндө;
д) керектөөнүн гарантияланган эң төмөнкү деңгээли өскөндө жүргүзүлөт.
21-статья. Мамлекеттик пособиелерди төлөп берүү
Мамлекеттик пособиелерди алуучуларга пособиелер үстүдөгү ай үчүн катталган жери боюнча райондук (шаардык) почта бөлүмдөрү тарабынан төлөнүп берилет.
Мамлекеттик пособиелер:
- толук мамлекеттик камсыздоодо турган балдарга, дайындалган ай сайын берилүүчү социалдык пособиенин 25 проценти өлчөмүндө;
- кары-картаңдар жана майыптар үчүн үй-интернаттарында (пансионаттарда) жашаган жалгыз бой граждандарга дайындалган ай сайын берилүүчү социалдык пособиенин 25 проценти өлчөмүндө;
- ата-энесинин экөөнөн тең ажыраган балдарга (тоголок жетимдерге) толук мамлекеттик камсыздоодо жүргөн мезгилинде мамлекеттик пособие толук өлчөмдө;
- мамлекеттик камсыздоодо жарым-жартылай турган балдарга мамлекеттик пособие толук өлчөмдө төлөнүп берилет.
Дайындалган жана алуучулар тарабынан өз убагында алынбаган ай сайын берилүүчү бирдиктүү пособиелер өткөн мезгил үчүн, бирок алты айдан ашпаган мөөнөт үчүн жана ай сайын берилүүчү социалдык пособие - бир жылдан ашпаган мөөнөт үчүн төлөнүп берилет.
Социалдык коргоо органдарынын күнөөсү боюнча өз убагында алынбаган мамлекеттик пособиелер өткөн мезгил үчүн кандайдыр бир мөөнөт менен чектөөсүз, инфляциянын расмий белгиленген деңгээлин эсепке алуу менен, ошондой эле ар бир узартылган күн үчүн төлөнбөгөн сумманын 0,15 проценти өлчөмүндө үстөк кошулуп төлөнүп берилет.
Алуучуга өткөн убакыт үчүн тийиштүү болгон жана анын өлгөндүгүнө байланыштуу алынбай калган мамлекеттик пособие, эгерде аны алуу үчүн кайрылуу алуучу өлгөн учурдан тартып 12 айдан кечиктирилбей берилсе, үй-бүлө мүчөлөрүнүн биринин арызы боюнча анын үй-бүлөсүнүн мүчөлөрүнө төлөнүп берилет.
Мамлекеттик пособиелерди төлөөгө тиешелүү суммалар, мамлекеттик пособие алуучулардын коммуналдык-техникалык тейлөө кызматтары (суу менен камсыздоо, суу берүү, таштандыларды чыгаруу, подъездерди, үйлөрдүн чатырын оңдоо, газ, электр жана жылуулук кубаты, телефондук тейлөө кызматтары ж.б.) үчүн салыктар жана жыйымдар боюнча карыздарын, жогоруда аталган тейлөө кызматтарын көрсөтүүчү ведомстволордун республикалык бюджетке болгон карызын жоюунун эсебинен кайтарылма каржылоо жүргүзүү жолу менен жоюу үчүн пайдаланылышы мүмкүн эмес.
Бул статьялардын ченемдерин бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.
(КР 2002-жылдын 12-январындагы N 4 Мыйзамынын, 2004-жылдын 1-июлундагы N 81 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)
22-статья. Мамлекеттик пособиелерди төлөөнү токтотуу жана алардын өлчөмүн кайра кароо шарттары
Аз камсыз үй-бүлөлөргө жана граждандарга ай сайын берилүүчү бирдиктүү пособиени жана ай сайын берилүүчү социалдык пособиени төлөө төмөнкүдөй учурларда:
а) үй-бүлөнүн кирешеси өзгөргөндө;
б) бала он алты жашка, жалпы билим берүүчү мектептин окуучулары окуусун бүтүргөндө;
в) окуусун бүтүргөндө бирок жыйырма үч жаш курагынан ашпаган баштапкы кесипчилик окуу жайларынын окуучулары, орто жана жогорку кесипчилик окуу жайларынын студенттери;
г) (КР 2002-жылдын 12-январындагы N 4 Мыйзамына ылайык алынып салынган)
д) майыптык мөөнөтү бүткөндө;
е) туруктуу жашоо үчүн республиканын чегинен сырткары чыгып кеткенде;
ж) мамлекеттик пособие төлөнүүчү адам каза болгондо;
з) талап кылынган документтер өз убагында берилбеген учурда;
и) үй-бүлөнүн курамы өзгөргөндө токтотулат же алардын өлчөмү кайра каралат;
к) бала он сегиз айга толгонго чейин.
Мамлекеттик пособиени төлөөнүн мөөнөтүн узартуу үчүн кошумча документтер талап кылынган учурларда алар бир айдын ичинде берилүүгө тийиш.
Мамлекеттик пособиени төлөөнү токтотуу же анын өлчөмүн кайрадан карап чыгуу шарттары келип чыкканда, мамлекеттик пособиени төлөө токтотулат же өзгөрүү болуп өткөн айдан кийинки айдан баштап жаңы өлчөмдө төлөө жүзөгө ашырылат.
Мамлекеттик пособиеге укуктуулугу жөнүндө атайылап жалган маалымат берген же негизсиз пособие дайындоого алып келүүчү жагдайлардын келип чыккандыгы тууралу өз убагында билдирбеген адамга, мындай факт билинген учурдан тартып мамлекеттин пособие төлөө токтотулат. Мында мамлекеттик пособиени жаңыдан дайындоо жөнүндө арыз он эки айдын ичинде кабыл алынбайт.
Бийик тоолуу шартта жашаган жана бийик тоолуу жана алыскы аймактардын Тизмесине кирбеген аймактарга туруктуу жашоо үчүн көчүп барган кары-картаң жарандарга жана баатыр энелерге ай сайынкы социалдык жөлөкпул төлөө токтотулбайт. Ай сайынкы социалдык жөлөкпул райондук коэффиецентти эсепке албастан төлөнөт.
(КР 2002-жылдын 12-январындагы N 4 Мыйзамынын, 2005-жылдын 13-августундагы N 148 Мыйзамынын, 2008-жылдын 25-апрелиндеги N 70 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)
23-статья. Ашыкча төлөнгөн суммаларды кармап калуу
Ашыкча төлөнгөн мамлекеттик пособиелердин суммасы:
а) соттун чечимдеринин, аныктамаларынын, токтомдорунун жана өкүмдөрүнүн (мүлктүк өндүрүү жагында), нотариустук кеңселердин аткаруу каттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соттун чечимдерин аткаруу үчүн белгиленген тартипте аткарылуучу башка чечимдердин жана токтомдордун негизинде;
б) мамлекеттик пособиелердин суммаларын өндүрүп алуу үчүн комиссиялардын чечимдеринин негизинде өндүрүлүп алынат.
Мамлекеттик пособиеден жогоруда көрсөтүлгөндөрдөн башка эч кандай кармап калууларга жол берилбейт.
Мамлекеттик пособиеден кармап калуу өлчөмү алуучуга төлөнүүгө тийиш болгон суммадан эсептелип чыгарылат.
Комиссиялардын чечимдеринин негизинде кармап кылуу, мамлекеттик пособиенин 20 проценттен ашпаган өлчөмүндө жүргүзүлөт.
Комиссиялардын чечимдеринин негизинде кармап калып жаткан, ашыкча төлөнгөн мамлекеттик пособиелердин суммасы боюнча карыз толук тындырылганга чейин мамлекеттик пособие төлөө токтотулган учурда, карыздын калган бөлүгү сот тартибинде өндүрүлүп алынат.
Кармап калынган сумма мамлекеттик бюджетке төгүлөт.
24-статья. Өлгөн адамды коюуга пособие төлөп берүү
Социалдык пособие алуучу адам каза болгон учурда, ата-энесине же анын үй-бүлөсүнө сөөктү коюу үчүн керектөөнүн гарантияланган эң төмөнкү деңгээлинин беш эселенген өлчөмүндө жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен пособие төлөнүп берилет.
Эгерде социалдык пособие алуучунунун сөөгүн коюу үй-бүлө мүчөсү болуп эсептелбеген адамдар тарабынан жүзөгө ашырылса, сөөк коюуга берилүүчү пособиеси ырастоочу документтер берилген учурда ошол адамдарга төлөнүп берилет.
25-статья. Мамлекеттик пособие дайындоочу органдар
Мамлекеттик пособиелер райондук (шаардык) социалдык коргоо башкармалары тарабынан дайындалат.
Социалдык коргоо органдары тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып беш күндөн кечиктирбестен, мамлекеттик пособие дайындоодон баш тартуунун себептерин жана даттануу тартибин көрсөтүү менен арыз берүүчүгө оозеки эки же кат жүзүндө маалымдайт.
26-статья. Социалдык коргоо органдарынын кызматкерлеринин укуктары
Мамлекеттик пособие дайындоодо социалдык коргоо органдарынын кызматкерлери:
- мамлекеттик пособие дайындоо үчүн керектүү документтерди талап кылууга;
- арыз берүүчү менен аңгеме, интервью жүргүзүүгө:
- үй-бүлөнүн муктаждык деңгээлин аныктоо үчүн арыз берүүчүдөн, туугандарынан жана башка чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнөн жана коңшуларынан сурамжылоо жолу менен үйүнө барып иликтөө жүргүзүүгө;
- тиешелүү органдардан керектүү маалыматтарды жана аныктамаларды талап кылууга;
- мамлекеттик пособие дайындоо үчүн берилген маалымат каттардын жана башка документтердин тууралыгын жана негиздүүлүгүн текшерүү үчүн менчигинин түрүнө карабастан ишканаларда, уюмдарда, мекемелерде жана башка чарба жүргүзүүчү субъекттерде текшерүүлөр жүргүзүүгө;
- райондук (шаардык) почталык байланыш түйүндөрүнүн мамлекеттик пособие төлөө үчүн берилген каражаттарды туура төлөөсүн жана чыгымдоосун текшерүүнү жүргүзүүгө укуктуу болушат.
27-статья. Мамлекеттик пособиелерди дайындоого жана төлөп берүүгө контролдук
Мамлекеттик пособиелерди дайындоого жана төлөп берүүгө контролдук жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык контролдоо жана көзөмөлдөө милдеттери берилген башка органдарга жүктөлөт.
28-статья. Айыл өкмөтү, ишканалар, мекемелер жана уюмдар тарабынан маалымат каттар берүү
Фермердик жана дыйкан чарбаларындагы мал-жандыктарынын (малды, канаттуулары) саны жана түрлөрү жөнүндө маалымат каттарды алардын турган жери боюнча айыл өкмөтү берет.
Көмөкчү участогунун өлчөмүн, мал-жандыктарынын (малы, канаттуулары) саны жана түрлөрүн көрсөтүү менен граждандарын өздүк көмөкчү чарбасынын болушу жөнүндө маалымат каттарды айыл өкмөтү берет.
Айыл өкмөтү, менчигинин жана чарба жүргүзүшүнүн түрүнө карабастан ишканалар, мекемелер жана уюмдар ай сайын берилүүчү бирдиктүү пособие дайындоо үчүн социалдык коргоо органдарына берилүүчү зарыл маалымат каттарды граждандарга үч күндүк мөөнөттө толтуруп - каттоого жана берүүгө милдеттүү.
Мамлекеттик пособиелерди дайындоо үчүн керектүү маалымат каттар акысыз берилет.
Граждандарга мамлекеттик пособиелер дайындоо үчүн берилүүчү маалымат каттардын аныктыгына көзөмөлдүктү менчигинин жана чарба жүргүзүшүнүн түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери жүзөгө ашырышат.
29-статья. Салык кызматтары жана айыл өкмөтү тарабынан маалымат каттар берүү
Салык кызматтары салык төлөөчүлөр тарабынан берилген салык декларацияларынын негизинде ай сайын берилүүчү бирдиктүү пособие дайындоо үчүн граждандарга кирешелери жөнүндө маалымат кат беришет; жердин өлчөмүн жана көрүнүшүн көрсөтүү менен жер үлүшүнүн бар экендиги жөнүндө маалымат кат айыл өкмөтү тарабынан берилет.
Маалымат каттар граждандардын арыздарынын негизинде үч күндүн ичинде акысыз берилет.
(КР 2006-жылдын 27-июлундагы N 133 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
V глава Мамлекеттик пособие алуучу граждандардын жоопкерчилик жана аларды коргоо
30-статья. Мамлекеттик пособиелерди дайындоо жана төлөп берүүгө байланышкан талаш-тартыштар
Талаш-тартыш маселелерди кароо үчүн райондук (шаардык) мамлекеттик администрациялар тарабынан граждандардын мамлекеттик пособиелер дайындоо жана төлөп берүү жөнүндөгү даттанууларын жана арыздарын кароо боюнча комиссиялар түзүлөт.
Комиссиянын курамына райондук (шаардык) социалдык коргоо башкармасынын, финансы бөлүмүнүн, салык кызматынын, айыл чарба бөлүмүнүн, статистика башкармалыгынын жана жер ресурстары боюнча бөлүмдүн башчылары киришет.
Комиссия:
- мамлекеттик пособиелерди дайындоодон негизсиз баш тартуу жана мамлекеттик пособиелердин туура эмес дайындалгандыгы жөнүндө граждандардын арыздарын;
- мамлекеттик пособиелердин өз убагында төлөнбөгөндүгү жөнүндө арыздарды;
- мамлекеттик пособиелердин негизсиз төлөнбөгөн суммаларын өндүрүү жөнүндө чечим кабыл алат.
Комиссиянын чечимине макул болбогон учурда, талаш-тартыш Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги тарабынан же мыйзамда белгиленген тартипте чечилет.
31-статья. Маалымат кат берген органдардын жана граждандардын жоопкерчилиги
Граждандарга туура эмес мамлекеттик пособие дайындоого алып келген анык эмес маалымат каттарды берген жактар жана мамлекеттик пособиелер дайындоо үчүн кайрылган учурда атайылап жалган маалымат берген күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
32-статья. Мамлекеттик пособиелерди өз убагында төлөбөгөндүк үчүн жоопкерилик
Мамлекеттик пособиелерди төлөө мөөнөттөрүнүн бузулушуна күнөөлүү кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
VI глава Корутунду жоболор
33-статья. Эл аралык келишимдер
Эгерде Кыргыз Республикасы катышкан эл аралыш келишимде ушул Мыйзамда камтылгандардан бөлөк эрежелер белгиленсе, эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.
34-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү
1. Ушул Мыйзам 1998-жылдын 1-майынан тартып колдонууга киргизилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- ушул Мыйзам тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бийлик укугуна таандык кылынган маселелер боюнча зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын;
- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3. 1998-жылдын 1-майынан тартып:
- "Балалуу үй-бүлөлөргө мамлекеттик пособиелер жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1991-ж., N 22, 706-ст.);
- "Балалуу үй-бүлөлөргө мамлекеттик пособиелер жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке киргизүү жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1991-ж., N 22, 707-ст.);
- "Балалуу үй-бүлөлөргө мамлекеттик пособиелер жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1992-ж., N 4/2, 191-ст.)
- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-бөлүмүнүн пункту (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1993-ж., N 2, 62-ст.);
- "Кыргыз Республикасында граждандарды пенсия менен камсыздоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тартиби жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., N 5, 150-ст.) күчүн жоготту деп табылсын.
"Эркин Тоо" газетасынын 1998-жылдын 18-мартында N 32-33 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Акаев |
|
|
|
1998-жылдын 11-февралында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган |