Загрузка документа…
УЗГЕН РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 13-сентябры № 131
Өзгөн райондук кеңешинин регламентин жаңы редакцияда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” Мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттиктин 2011-жылдын 12-августундагы №08/02 токтомун ишке ашыруу максатында жана Өзгөн райондук кеңешинин регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу маселени райондук кеңештин мыйзамдуулук жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясында каралгандыгын эске алып, аталган маселени угуп жана талкуулап Өзгөн райондук кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн райондук Кеңеши Юридикалык жак катары Мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн. Мекеменин аты мамлекеттик тилде Өзгөн райондук Кеңеши, рассмий тилде Узгенский районный Кеңеш.
2. Өзгөн райондук кеңешинин регламенти жаны редакцияда кабыл алынсын.
3. Юридикалык жактын дареги Ош облусу Өзгөн шаары, Ленин көчөсү № 132,
4. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Юстиция башкармалыгынан мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жагы Өзгөн райондук Кеңешинин башкы адиси Арзибеков Турат Анарбаевичке (паспорт А №1047860, ИИМ 50-47, 23.07.1999-ж берилген, Өзгөн районунун Кароол айылдык округунун Мырза-Арык айылынын тургуну) жүктөлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Юстиция башкармалыгынан мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жагы суралсын.
6. Бул токтомду аткаруу жагы Райондук Кеңештин жооптуу катчысы К. З.Ормоновага жүктөлсүн.
Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө чечимде андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен маакулдашылгандыгы ырасталат.
Өзгөн райондук кеңешинин төрагасы |
Б. Султанов |