Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) депутаттарынын IV кезексиз сессиясы
2016-жылдын 22-ноябры № 23
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн аймагында компьютердик клубдардын иштөө мөөнөтү чектөө жөнүндө
Мырза-Аке базарынын соодагерлеринин арызынын жана жана Регламент, мыйзамдуулук укук тартиби, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, окуучу балдардын убакыт режимин туура пайдалануусун жөнгө салууну көздөп, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан компьютердик клубдардын иштөө мөөнөтү таңкы саат 8-00 дөн кечки саат 22-00 гө чейин белгиленсин.
2. Айылдык милиция бөлүмчөсүнө токтомдун негизинде иш алып баруу милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А. Келдибековко милдеттендирилсин.
Төрага | С.Т.Жусупов |