Редакцияот 22.11.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) депутаттарынын I кезексиз сессиясы

 

2016-жылдын 22-ноябры № 24

Мырза-Аке айылдык милиция бөлүмчөсүнө каражат бөлүп берүү жөнүндө

Мырза-Аке айылдык милиция бөлүмчөсүнүн каражат сураган арызын канааттандыруу максатында аталган бөлүмчөнүн ишинин натыйжалуу болуусун көздөп, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык Кеңеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мырза-Аке айылдык милиция бөлүмчөсүнө күйүүчү майга, милициянын таяныч пунктун жасалгалоого жана керектүү атрибуттарды алууга айыл өкмөтүнүн бюджетинен 20 000 сом (жыйырма миң) акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Акча каражатын бөлүп берүү айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары А. Келдибековко милдеттендирилсин.

 

Төрага

С.Т.Жусупов