Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) депутаттарынын IV кезексиз сессиясы
2016-жылдын 22-ноябры № 25
Айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 9 айына карата бюджетинин аткарылышы жөнүндө маселе айылдык кеңешинин «Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясында алдын ала каралып, алардын сунуштарынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 9 айына карата бюджетинин аткарылгандыгы эске алынсын.
2. 2016-жылдын бюджетинин кирешелер бөлүгүнө: Ата-энелер төлөмүнө – 150,0 миң сом, транспорт салыгына – 760,0 миң сом кошумча план каралсын жана киреше салыгынан – 600,0 миң сом, сатуудан түшүүчү салыктан – 270,0 миң сом кыскартылсын.
3. Чыгашалар бөлүгүнө: бала-бакчалардын тамак-ашы үчүн атайын каражаттарынын 22181100 статьясына – 150,миң сом, ЖКХ разделинин 22154900 статьясына – 113,0 миң сом, 22211100 статьясына – 190,0 миң сом, 31113320 статьясына – 457,0 миң сом кошумча лимит каралсын жана башкаруу аппаратынын 22154900 статьясынан – 870,0 миң сом кыскартылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | С.Т.Жусупов |