Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) депутаттарынын IV кезексиз сессиясы
2016-жылдын 22-ноябры № 26
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн Муз-Булак участкасындагы жерлерди которуу жөнүндө
«Узген Энергоуголь» ЖЧК ишканасынын 18.11.2016-ж№121 сандуу каты менен таанышып чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4,7,9,10,13,25,31 ст Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамын жана калкты көмүр менен камсыз кылуу үчүн көмүр өндүрүү өнөр жайын өнүктүрүү максатында Мырза-Аке айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнө караштуу Муз –Булак участкасынын батыш бөлүгүндөгү аянты 68,36 га Кара-Дөбө көмүр кени жайгашкан жер участогун, Айыл чарба багытындагы жер участкасы категориясынан «Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервинин жерлери» котегориясына которулсун.
2. Мырза-Аке айыл өкмөтүнө караштуу Муз–Булак участкасынын батыш бөлүгүндөгү аянты 68,36 га Кара-Дөбө көмүр кени жайгашкан жер участкасы, «Узген энергоуголь» ЖЧКга таш көмүр иштетүү боюнча 8-июнь 2030-жылы лицензиясынын мөөнөтү аяктаганга чейин пайдаланууга берилсин.
3. Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынан, Мырза-Аке айыл өкмөтүнө караштуу Муз–Булак участкасынын батыш бөлүгүндөгү аянты 68,36 га Кара-Дөбө көмүр кени жайгашкан жер участогун, Айыл чарба багытындагы жер участкасы категориясынан «Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервинин жерлери» жер участогу котегориясына өткөрүп берүү суралсын.
4. «Узген Энергоуголь» жоопкерчилиги чектелген коому төмөндөгүлөрдү камсыз кылсын:
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жалпы салыктын түрлөрүн Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн казынасына төгүүнү;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген ченемдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтурууну;
-Берилген жер участкаларына карата экологиялык жана техникалык коопсуздукту, жер казынасын сактоо жана иш жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарындагы ченемдерди жана талаптарды сактоону.
5Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Келдибековко милдеттендирилсин.
Төрага | С.Т.Жусупов |