МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) депутаттарынын IV кезексиз сессиясы
2016-жылдын 22-ноябры № 28
М. Нурбаев, С. Мойдунов орто мектептеринин эски имараттарын бузуп, курулуш материалдарын сатуу жөнүндө
Айыл, жер, суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп талкуулап, 2015-жылдан бери пайдаланылбай тургандыгын эске алып, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 19-беренесин жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык Кеңешинин
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. М. Нурбаев орто мектебинин башталгыч класстар окуган эски имараты эскилиги жеткендигине байланыштуу жыл өткөн сайын курулуш материалдарынын жараксыз абалга жетишин алдын алуу максатында курулуш материалдары сатууга коюлсун.
2. С. Мойдунов орто мектебинин эски имараты эскилиги жеткендигине байланыштуу жыл өткөн сайын курулуш материалдарынын жараксыз абалга жетишин алдын алуу максатында курулуш материалдары сатууга коюлсун.
3. Мектептердин эски имараттарын сатуу үчүн айыл өкмөтү тарабынан атайын комиссия курамы түзүлсүн.
4. Жогорудагы эскилиги жеткен эски имараттардын сатыктан түшкөн акча каражатын айыл өкмөтүнүн бюджетине кириш кылуу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айылдык Кенештин төрагасынын орун басары А. Келдибековко милдеттендирилсин.
Төрага | С.Т.Жусупов |